Перейти на новый сайт
MegaCom адреналинди жана ылдамдыкты сүйүүчүлөрдү Картинг боюнча чемпионатка чакырат

MegaCom адреналинди жана ылдамдыкты сүйүүчүлөрдү Картинг боюнча чемпионатка чакырат

MegaCom 4G-оператору ылдамдыкты жана  адреналинди  сүйүүчүлөр  үчүн  өткөрүлүүчү  иш-чаранын  өнөктөшү катары, 3-апрелде саат 11:00дө,  «Старт» жабык картодромунда  Картинг боюнча чемпионат өткөрүлө тургандыгын  маалымдайт.

Спорттун бул түрүнө кызыккан адам  өзүнө жана айланасындагыларга зыян келтирбестен, ылдамдыктан адреналин алып, ырахатка батат. Жарышка катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү жетиштүү жана каалагандардын бардыгы катыша алышат. Картинг мелдешинде ким мыкты экендигин далилдөө үчүн трассанын 350 метри жетиштүү. Чемпионаттын жеңүүчүсү баш байгеге- 10 000 сомго ээ болот.Чемпионаттын катышуучуларына мобилдик оператордун фирмалык азембелектери тартууланат.

Компания спорт жана дени сак жашоо үчүн деген ураандын алдында спорттук иш-чараларды байма-бай колдоп келет. Өз эс алуу күндөрүңүздү MegaCom менен өткөрүңүз.  Компаниянын Facebook  сайтында жайгашкан баракчасында жайгашкан жаңылыктардан кабардар болуңуз.

MegaCom – чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы