Перейти на новый сайт
MegaCom'дун Австриядагы жаңы роуминг өнөктөшү

MegaCom'дун Австриядагы жаңы роуминг өнөктөшү

 

MegaCom компаниясы, өз абоненттерине, Кийин төлөнүүчү жана 3G/GPRS роуминг кызматы жеткиликтүү болгон Европа өлкөлөрүнүн саны күндөн-күнгө өсүп жатканын кубануу менен маалымдайт. Эми компаниянын абоненттери аталган кызматтан Австриянын T-Mobile A (T-Mobile Austria GmbH) операторунун тармагында пайдалана алышат.

MegaCom абоненттери өз номурларын алмаштырбастан, дүйнө жүзүндөгү атактуу обончулардын жана композиторлордун мекени Австрияга эс алууга же иш сапарына жөнөгөн учурда, кийин төлөө эсептешүү системасы боюнча жогорку ылдамдыктагы интернеттен пайдаланып, жакындары менен дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.   

Чет өлкөлөргө саякат жасоонун алдында роуминг кызматын кошуп алыңыз. Бул үчүн компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылыңыз жана компаниянын расмий сайтынан роуминг кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси менен таанышыңыз.

MegaCom компаниясынын абоненттери дүйнөнүн булуң-бурчунда дайым байланышта болуусу үчүн компания чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүнүн тизмесин тынымсыз толуктап келет.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы