Перейти на новый сайт
MegaCom Ош жана Бишкек шаарларында өтө турган веложүрүшкө чакырат

MegaCom Ош жана Бишкек шаарларында өтө турган веложүрүшкө чакырат

Ош жана Бишкек шаарлары дем алыш күндөрү өзгөчө шаңга бөлөнмөкчү.Темир тулпарыңызды веложүрүшкө даярдап, жаркыраган жаздын күнүндө жагымдуу эс алыңыз.

MegaCom компаниясы өз кезегинде эс алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берип келет. Айтмакчы, 26-мартта түштүк калаабызда Ош шаарынын мэриясынын жана MegaCom компаниясынын колдоосу менен веломарш өткөрүлө тургандыгын маалымдайбыз. Веложүрүш Ош шаарынын тургундары шаардын борбордук көчөлөрү менен өтүшмөкчү. Уюштуруучулар тарабынан оюн-тамашалар менен коштолгон кызыктуу конкурстар даярдалууда, катышуучулар мобилдик оператордун фирмалык азембелектерине ээ болушмакчы. «Роза» жана «Let’s GO Pro» бий топтору, белгилүү эстрада ырчысы Темир Назаров, ырчы айым Айзирек жана «Blade Stars» топтору велосүйүүчүлөргө жагымдуу, жазгы маанай тартуулайт. Экстремалдык велоспортунун түрлөрү да көрсөтүлөт. Катышууну каалагандар Ош шаарынын башкы аянтына саат 9:00дө чогулушат.

Бишкек шаарында велосезондун ачылышы салтка айлангандай эле MegaCom компаниясынын байрагы астында 27-мартка өткөрүлмөкчү. Иш-чара алкагында шаар көчөлөрү менен өтүүчү массалык веложүрүш уюштурулуп, конкурстук-көңүл ачуучу программа Жеңиш паркында өтөт. Жыйынтыгында катышуучулар Орто-Сай айылына жакын жайгашкан «Боз-Бөлтөк» тоо массивине жыйналышат. Маршрут төмөндөгүдөй: Чүй, пр.,Манас пр., Москва көч.,Совет көчөсү менен өйдө карай жол тартышмакчы. Колоннаны жол күзөт кызматынын кызматкерлери жана «R-Bikers» Федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт. Велоспортун сүйүүчүлөр Революция каармандарынын эстелигинин (Совет/Чүй көч.кесилиши) жанына саат 10:00дө топтолуп, веложүрүштү башташат.

Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышат.Болгону темир тулпарыңыздын бузугу жок болуп, жол кыймылынын эрежелерин билүү талап кылынат.

Компания спорттук иш-чараларды жигердүү колдоп келе жаткандыгы коомчулукка маалым. Эс алуу күндөрүн MegaCom менен бирге өткөрүңүз. Толук маалымат алып, жаңылыктардын борборунда болуу үчүн Facebook баракчасын барактаңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы