Перейти на новый сайт
MegaCom: түйүндүн каптоо аймагы кеңейип, сыйымдуулугу артып келет

MegaCom: түйүндүн каптоо аймагы кеңейип, сыйымдуулугу артып келет.

MegaCom компаниясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде алыс жайгашкан айыл-кыштактардагы байланыштын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүп келет.

Сөзүбүзгө аралжы, 2016-жылдын февраль айында кошумча жабдуу орнотулуп, 3,75G стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилди. Үчүнчү муун технологиясы Жала-Абад шаарынын Чакамаксуу, Арал, Чертак-Таш, Бирдик жана Төмөнкү-Арал (мурдагы Рассвет) айылдарында жеткиликтүү болуп калды. 3,75G ишенимдүү мобилдик байланышы менен Баткен облусунун Майдан, Андарак, Искра (Сумбула) жана Коммуна (Сары-Дөбө) айылдары да камсыз болушту. Бул тизмеге Ысык-Көл облусунун Ырдык, Зеленый Гай, Ысык-Көл айылдарын жана Кажы-Сай шаар тибиндеги кыштагын кошууга болот.

Компания буга чейин орнотулган базалык станцияларды жакшыртып турууну да көз жаздымда калтырбай келүүдө. Бул багытта аткарылган иштер да натыйжалуу болуп, Чүй, Сузак жана Базар-Коргон калктуу конуштарында сигналдын сапаты жакшыртылды. Тармакты техникалык жактан өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан жумуштар, өз кезегинде MegaCom абоненттеринин сапаттуу байланыш жана ыкчам интернет менен камсыздалышын шарттайт жана алардын Кыргызстандын кайсы гана аймагында болбосун байланышта болуусунун өбөлгөсү.

Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүнүн сигналын ишенимдүү кабыл алуу аймагында 98пайыздан ашуун калк жашайт.Түйүндүн каптоо аймагы тууралуу маалымат менен Каптоо аймагынын интерактивдүү картасы аркылуу онлайн-режимде таанышууга болот. Картадан Сизге жакын жердеги базалык станциялардын сигналынын деңгээлин көзөмөлдөп, 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4Gтүйүнү тууралуу маалымат жайгаштырылган.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы