Перейти на новый сайт
MegaCom ыкчам ылдамдыктагы 4G LTE түйүнүн масштабдуу ишке киргизүү тууралуу маалымдайт!

MegaCom объявляет о масштабном запуске сверхскоростного 4G LTE!

Кыргызстан аймагын 4G LTE менен каптоо боюнча көч башында келе жаткан MegaCom жаңы, жогорку ылдамдыктагы технологиянын мекенибиздин үч ири шаарында-Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда ишке киргизилгендигин маалымдайт!

«Быйыл мобилдик мега-тармак өзүнүн 10 жылдыгын белгилемекчи. Мындай мааракелүү жылдын босогосунда, компания өнүгүүнүн үн жаңы баскычына кадам таштады, б.а. жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын ишке киргизди! Бул- компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн талыкпаган эмгегинин жемиши. Өткөн жылы көптөн күткөн лицензиялар жана жыштыктарга ээ болуп, жабдуулар кылдат даярдала баштаган. Бүгүн болсо, MegaCom өз абоненттерине 4G LTE интернетинин сапаттуу кызматын сунуштоого даяр. Алгачкылардан болуп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын тургундарына жана меймандарына,андан соң мекенибиздин жалпы аймагындагы абоненттерибизге жеткиликтүү болмокчу» - деп, кеп учугун улай кетти, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

4G форматы мобилдик интернет кызматынын активдүү колдонуучулары үчун эң мыкты табылга болмокчу. Жаңы түйүндө маалымат өткөрүү ылдамдыгы 3G түйүнү камсыздаган ылдамдыктан бир нече эсеге жогору. 4G түйүнүндө саналуу секунданын ичинде файлдарды,баракчаларды, музыканы, видеону, тиркемелрди жана оюндарды жүктөп алууга болот. Маселен, 1,5 ГБ көлөмүндөгү толук метраждуу фильм 3G түйүнүндө болжол менен 1 сааттын ичинде жүктөлсө, 4G түйүнүндө болгону 10 мүнөттө жүктөлөт. Болгону 4G форматын колдогон SIM-карта жана мобилдик түзмөк жана 460 (акысыз буйруу) номуруна каалагандай SMS жөнөтүү жетиштүү.

MegaCom – чыныгы ылдамдыкты сез!

Сиздин мобилдик түзмөгүңүз төртүнчү муун түйүнүн колдой тургандыгын билүүнү кааласаңыз, жана да кошумча маалымат менен таанышкыңыз келсе компаниянын сайтындагы 4G LTE атайын бөлүмү Сизе жардамга келет.

Көңүл буруңуз: 10 жылдыкка жана 4G LTE түйүнүн ишке киргизүүгө байланыштуу, 2016-жылы бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Кыргызстандын ири мобилдик оператору өз абоненттери үчүн жагымдуу белектерди даярдоодо. Компаниянын жаңылыктары менен расмий сайтта жана facebook.cominstagram.com, ok.ru социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларда жайгаштырылган, мындан тышкары youtube.com каналы аркылуу да таанышсаңыз болот. Жазылып, мега-жаңылыктардын борборунда болуңуз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon
  • Услуга

    «Роуминг»

  • Услуга

    «Второе дыхание»

  • Услуга

    «Постоплатный роуминг»