Перейти на новый сайт
Кыргыз тилин үйрөнүп, MegaCom белектеринин ээси бол

Кыргыз тилин үйрөнүп, MegaCom белектеринин ээси бол

Эне тил күнүн утурлай, MegaCom компаниясы facebook сайтынын колдонуучуларынын арасында өзгөчө белгилүү болгон «Кыпкыргызча» тобу менен биргеликте видеоконкурс жарыялады.

Баш байге –Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгү. Айтмакчы, окумуштуу-түркологдун кылым карыткан бул эмгеги 2015-жылы MegaCom компаниясынын колдоосу менен кайрадан басылып чыккан.

Конкурстун шарттарына ылайык, эгер сиз (же сиздин досуңуз, таанышыңыз) үчүн кыргыз тили эне тилиңиз болбосо, бирок кыргыз тилинде эркин сүйлөсөңүз, биздин сынакка катышып,жагымдуу белектердин ээси болуңуз!
Кошумча маалымат менен Facebook социалдык сайтындагы компаниянын расмий баракчасынан тааныша аласыз

 

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы