Перейти на новый сайт

MegaCom «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамына татыктуу экендигин дагы бир ирет далилдеди

MegaCom «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамына татыктуу экендигин дагы бир ирет далилдеди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктап, «Альфа Телеком» (соода белгиси MegaCom) соода жана кызматтар чөйрөсүндөгү мыктылардын катарын толуктады.

MegaCom компаниясы 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн калыптандырууга активдүү катышкандыгы, салык мыйзамын кынтыксыз аткаргандыгы үчүн мындай жогорку баага татыктуу. Мыкты салык төлөөчүлөр өз иш билгилигин далилдеп, сабаттуу ишкерлик жүргүзүү боюнча башкаларга үлгү боло тургандыгын көрсөтө алышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, «Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, «Альфа Телеком» ЖАК интернет- кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы ири салык төлөөчүлөрдүн сап башында. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин пайдасына салык жана башка төлөмдөрдү жүргүзүү көрсөткүчү ата мекендик интернет-провайдерлер менен салыштырмалуу төртүнчү жыл катары менен эң жогору. КР МСК маалымдагандай 2008 –жылы компания алгачкы ирет «Мыкты салык төлөөчү» болуп табылган.

Сапаттык менеджменттин бардык эл аралык стандарттарына шайкеш иш алып баруу менен, MegaCom мобилдик оператору 9 жыл катары менен кыргызстандыктарды ыңгайлуу жана сапаттуу мобилдик байланыш менен камсыздап келет.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы