Перейти на новый сайт
Персоналдык маалыматтарды көздүн карегиндей сактоо – компаниянын көңүл борборунда.

Персоналдык маалыматтарды көздүн карегиндей сактоо – компаниянын көңүл борборунда.

28- январда Персоналдык маалыматтарды коргоонун эл аралык күнү (Data Protection Day). белгиленип келет. Бул күндү белгилөөнүн негизги максаты колдонуучуларга интернетти колдонуунун эрежелери тууралуу маалымат берүү, виртуалдык жана реалдуу жашоо коопсуздугу тууралуу алардын эсине салуу.

MegaCom компаниясында персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча ишенимдүү система жөнгө салынган жана маалыматтардын жашыруун сакталышына өзгөчө маани берилип, баарынан мурда, персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу процесстерин аныктоо, маалыматтардын типтерин, аларды сактоонун жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн тактоого басым жасалат. Мыйзам эрежесине ылайык, MegaCom компаниясы Мамлекеттик байланыш агенттигинде персоналдык маалыматтардын оператору катары катталган. Персоналдык маалыматтарды коргоо маселелерине байланышкан жигердүүлүктөр алкагында, компанияда бир катар нормативдик документтер иштелип чыккан жана ишке киргизилген, жана да зарыл болгон уюштуруучулук-техникалык чаралар көрүлүп келет.

Алдыңкы уюлдук оператор абоненттерди спамдан коргоо боюнча жигердүү иш-аракеттерди аткарууда. Сөзүбүзгө аралжы, компанияда орнотулган атайын жабдуу аркылуу 2015-жылы эки миллионго чамалуу спам-билдирүүлөргө бөгөт коюлган. Мындай аракеттердин натыйжасында, MegaCom кардарлары тажатма жана шылуундук мүнөздөгү жарнамалык билдирүүлөрдөн коргоно алышат.

Азыркы учурда тамыр жайып келе жаткан зыяндуу программалык камсыздоолор да уюлдук оператордун көз жаздымында калган жок. Абоненттердин өздүк эсептеринен жана банктык карточкаларынан каражат чыгарып алууга багытталган мындай программалардын жардамы менен айрым шылуундар смартфондор аркылуу өзүнүн мыйзамсыз оюн ишке ашырып келишет. Белгилей кетсек, спам-билдирүүлөргө бөгөт коюу абоненттерге бейкапар жашоону гана камсыз кылбастан, алардын капчыктарын да сактайт. Өткөн жылдын жыйынтыктарына сереп салсак, абоненттер түшкөн арыздануулардын саны азайган. Мындай натыйжа жетүүнүн негизги жардамчысы- SMS Firewall аракеттеги иргөө системасы.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы