Перейти на новый сайт
«Жакын адамдар» үй-бүлө мүчөлөрүнүн байланышка сарпталган чыгымдарын көзөмөлдөөгө жардам берет

«Жакын адамдар» үй-бүлө мүчөлөрүнүн байланышка сарпталган чыгымдарын көзөмөлдөөгө жардам берет

Үй-бүлөңүздө бир нече телефон барбы? Демек, Сиз жакындарыңыздын биринин балансы нөлдө болуп сизге чала албай жактан учурга кабылгандырсыз? «Жакын адамдар» опциясы балдарыңыздын жана ата-энеңиздин сиздин эсебиңизден чалуусуна шарт түзөт. Болгону жакындарыңыздын телефон китепчесине атайын буйруу менен сиздин номуруңузду киргизип коюу жетиштүү.

Кошуу оңой:

  • 1) *212*1*055ххххххх# буйруусу аркылуу MegaCom түйүнүнүн 10 номурун «Жакын адамдар» тизмесине акысыз кошуңуз .
  • 2) Эми Сиздин жакындарыңыз сизге сиздин эсебиңизден чала алышат. Акысыз чалуу аткаруу үчүн сиздин номуруңузду *212055ххххххх форматында терүүсү керек.

Кирген чалууну төлөп берүүчү абонент үчүн чалуу наркы тарифтик пландан көзкарандысыз жана секундалык тарифтөө менен мүнөтүнө болгону 1 сомду түзөт. «Жакын адамдар» тизмесиндеги чалуу аткарып жаткан абонент үчүн чалуу дайыма акысыз.

Күн сайын жашооңо жаңылык киргизген заманбап турмуш ыргагына жана да ар бирибиз туш болуучу ар түрдүү кырдаалдарга сереп салсак, «Жакын адамдар» опциясы – бул жакын адамдарга зарыл учурларда колдоо көрсөтүүнүн мыкты ыкмасы.

facebook.com, instagram.com, ok.ru, youtube.com MegaCom жаңылыктары менен тааныш.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «IVR витрина»

    icon
  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»

  • Услуга

    «Роуминг»

  • Услуга

    «Забытый телефон»