Перейти на новый сайт

MegaCom: Каттоодон өткөрүлбөгөн номурлар өчүрүлө баштады

MegaCom: Каттоодон өткөрүлбөгөн номурлар өчүрүлө баштады

Урматтуу абоненттер, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алуу менен, 15-январдан тарта номурун милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөгөн абоненттердин номурларын өчүрө баштады. Персонификациядан өткөн абоненттерге кайрадан байланыш кызматтары көрсөтүлө баштайт. Эске сала кетсек, 2016-жылдын 31-январына чейин SIM-карталарды каттоодон өткөрүү талапка ылайык.

Персонификациянын артыкчылыктары:

  • Мобилдик шылуундуктан сактануу,
  • Чалуулардын таржымалын алуу,
  • Номурду ылдам калыбына келтирүү,
  • «Экинчи дем» кызматы боюнча чоң өлчөмдө насыя алуу
  • MegaCom call –борборуна чалуу менен SIM-картаны убактылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү

Номурларды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүгө байланыштуу болгон маалыматты тактоо үчүн MegaCom компаниясында атайын *400 атайын линиясы аракетте. Өз номуруңуздун персонификациядан өткөндүгүн тактагыңыз келсе телефонуңуздан *112# акысыз буйруусун териңиз.

Номурду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү үчүн компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууга болот, толук тизме уюлдук оператордун www.megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган. Персонификациядан өткөрүү акысыз. Жаныңызга жарандыгыңызды тастыктаган документиңизди ( паспорт,айдоочулук күбөлүк, аскер күбөлүгү же бааргер күбөлүгү) алып алсаңыз жетиштүү болот. Жашы 16га жете элек абоненттердин номурларын жакындарына катталат.Чет өлкөлүк жарандардын номурлары кыргызстандыктар менен бирдей болгон шартта каттоодон өткөрүлөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы