Перейти на новый сайт
MegaCom тармагы 2015-жылы 5 миллиард мегабайтка жакын интернет-трафикти иштеп чыккан

MegaCom тармагы 2015-жылы 5 миллиард мегабайтка жакын интернет-трафикти иштеп чыккан

MegaCom өткөн жылы интернет-трафиктин көлөмү эки эсе өскөндүгүн каттаган. 2015-жылы MegaCom абоненттери 5 миллиардга жакын мегабайтты жүктөп жана бири-бирине өткөрүшкөн. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 2 эсеге жана 2013-жылдагы көрсөткүчтөн 4 эсеге көп дегенге барабар.

Тармактагы адистердин айтымында, мындай көрсөткүчтөр, тармактагы жогорку ылдамдыкта берилиштерди өткөрүүнү шарттаган мобилдик түзмөктөрдүн санынын, мобилдик колдонмолордун санынын көбөйүшүнүн жана тармактын өнүгүүсүнүн натыйжасы. Мындан тышкары, трафик көлөмүнүн бир кыйла өсүшү - MegaCom түйүнүнүн сапатын мыктылоого багытталган үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген иштердин жыйынтыгы десек жаңылышпайбыз.

Өтүп кеткен жылы пайдаланылган интернет-трафиктин көлөмүнүн көбөйүшү менен бирге мобилдик мегабайттардын арзандоосу уланган. Маселен, бүгүнкү күнү MegaCom түйүнүндөгү эң арзан мегабайттын наркы болгону 0,028 сомду түзөт. Өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 МБнын орто наркы 3 эседен ашык арзандаган.

Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдалануу үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу кызматты тандап алыңыз:

  • “Күн-Түн” интернет-топтомдору түнкү интернет-серфингдин күйөрмандарын өзгөчө кубандырат: айына 400 МБдан 60 000 МБга чейин тармактагы эң жогорку ылдамдыктагы жана эң төмөнкү баадагы интернет, мегабайт үчүн болгону 4,1 тыйын!
  • Эгерде Сизге мегайттан 0,25 сомдон баштап төлөө ыңгайлуу болсо, “Жеткиликтүү интернет” опциясын ойлонбостон кошуңуз.
  • Интернет бир нече саатка же суткаларга зарыл болгон учурда убактылуу кошуп алуу “Unlim24” түркүмүнүн ыңгайлуулугу. Наркы 29,95 сомдон баштап.
  • “Чексиз Интернет” жана “Чексиз Интернет 200” тарифтик опциялары менен мегабайттарды санабастан каралган көлөмдөгү интернет-трафиктен пайдаланууга болот.
  • Тармакта үнөмдүү серфинг кылууга атайын иштелип чыккан Like же Device интернет-тарифтерин кошуңуз.
     

 

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы