Перейти на новый сайт

«Оберегдин» балдарына MegaComдогу досторунан жардам

 «Оберегдин» балдарына MegaComдогу досторунан жардам

«Биз биргебиз!» кайрымдуулук жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо бир айлык иш чарасынын алкагында MegaCom компаниясынын кызматкерлери өздөрүнүн күчү менен “Оберег” реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларына канцелярдык каражаттарды топтогон кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Эки жума бою компаниянын башкы кеңсесинде 5 жаштан өйдө I жана II топтогу майыптыгы бар балдарга окуу куралдары жана дагы финансылык жардам чогултулду. Аракеттин жыйынтыгында борбордун ар бир тарбиялануучусу жаңы портфель, дептер, сүрөт тартуу үчүн альбом, ручка, боек, эсептегич, китептерге ээ болушту.

«Кайдыгер болбой ушул иш-чараны уюштурганына үчүн MegaCom компаниясынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, - дейт “Оберег” реабилитациялык борборунун жетекчиси Ольга Джабраилова, - Чынын айтканда, ушунчалык бат жардам болорун күткөн эмеспиз. Балдарыбыз көптөн бери күтүп жүргөндөрүн ашыгы менен алдык. Биздин Борбордо оор дарттардан кийин кайрадан калыбына келип жаткан балдар бар, биз аларды толук кандуу жашоого кайтарууга аракет кылып жатабыз. MegaComдун кызматкерлеринин жардамы менен чогулган окуу куралдары балдарга кубаныч тартууларына ишенем”.

Эске салсак, "MegaCom балдарга" – компания республика аймагындагы балдар үйлөрүн, анын ичинде колдоого өзгөчө муктаж болгон балдар интернаттарын колдоого алган. Балдар үйлөрүнүн өтүнүчү боюнча тарбиялануучуларын азык-түлүк, тиричилик техникалары, оюнчуктар жана кийим-кечелер менен камсыз кылып келет. Мындан тышкары, социалдык демилгелердин алкагында, компаниянын өзгөчө таланттуу кызматкерлери балдар үчүн кол өнөрчүлүк боюнча устаттык сабактарды өткөрүп турушат. “Балдар кол өнөрчүлүк чеберканасы” долбоору – балдардын өз колунан жаралган буюмдарды компаниянын жамаатынын ичинде сатууга шарт түзөт.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы