Перейти на новый сайт

MegaComдун колдоосу менен бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү

MegaComдун колдоосу менен бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү

MegaCom компаниясынын колдоосу менен, 2015-жылдын 18-19-декабрларында, Бишкек шаарында, өлкөбүздөгү телекоммуникациялык компанияларынын кызматкерлери арасында бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү. Спорттук иш чарада, чемпиондук наамын жеңүү жана кубокко ээ болуу максатында 50дөн ашык катышуучу ат салышкан.

Регламентке ылайык таймаш “Московская пирамида” оюнунун эрежелери боюнча өткөрүлүп, катышуучулар төрт тайпага бөлүнгөн. Оюндун жыйынтыгы боюнча ар бир топтон жеңүүчү аныкталып, алардын арасынан мыктыларына башкы байгелер – кубоктор, грамоталар, акчалай сыйлыктары жана мелдештин башкы өнөктөшү MegaCom компаниясынын атайын фирмалык азем белектери тапшырылган.

Биринчиликтин башкы максаты жамаат ичинде ынтымакты чыңдоо, телеком-түзүмдөрү арасындагы өнөктөштүктү бекемдөө, мыкты спортчуларды аныктап, курама командасын түзүү жана спорттун аталган түрүн кызматкерлердин арасында жайылтуу болгон.

Бильярд – дене күчүн, акыл жана интеллектуалдык жактан сыноочу спорттук оюн. Себеби үстөл үстүндөгү шарлардын кайталангыс комбинациялары ыкчам реакцияны, кыймыл-аракеттердин так координациясын, кылдаттыкты, чыдамкайлыкты жана тапкычтыкты талап кылат. Аталган оюнда эстетикалык табит болгондуктан чыныгы оюн көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.

MegaCom – спорт жана сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «Связь в воздухе»

  • Услуга

    «Настроение»

    icon
  • Услуга

    Сервис «Ментальная помощь»