Перейти на новый сайт
“Жакын адамдар” менен эркин баарлашыңыз

“Жакын адамдар” менен эркин баарлашыңыз

Жакын адамдардын балансында каражат жетишсиз жана балансын толуктоого мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, Сиз аларга жардам бере аласыз. MegaComдун “Жакын адамдар” опциясынын жардамы менен, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирген чалууларын төлөп, алардын байланышка болгон чыгымдарын көзөмөлдөөгө болот. Опциядан тейлөө борборлоруна кайрылбастан пайдаланууга мүмкүн.

Бул үчүн *212*1*055ххххххх# USSD-буйруусун терүү аркылуу абонентти “Жакын адамдар” тизмесине кошуу жетиштүү. Андан кийин, жакын адамдар балансы жетишсиз шартында да Сизге чалуу аткара алышат. Ал эми, кирген чалууларды кабыл алууда баарлашуу үчүн төлөөгө дайым тастыктоо берүү зарыл эмес болгондугу, абоненттик төлөмсүз “Жакын адамдар” опциясынын ыңгайлуулугу экени шексиз.

Чакырылган абоненттин эсебинен чыккан чалууну аткаруу үчүн номурду *2120ХХХхххххх форматында терүү зарыл. Суткадагы чалуулардын санына чектөө каралган эмес.

Кирген чалууну кабыл алган абонент үчүн баарлашуу мүнөтү, секундалык тарифтөө менен, болгону 1 сомду түзөт. “Жакын адамдар” тизмесине кошулган чыккан чалууну аткарган абонент үчүн чалуу акысыз.

Айтмакчы, опциядан жаңыртылган “МегаЖардамчы” колдонмосу аркылуу “Жакындар жөнүндө кам көрүү” бөлүгүнөн оңой башкарууга болот. Ар бирибиз жардамга муктаж болгон жагдайга туш келишибиз мүмкүн, бул учурда “Жакын адамдар” опциясы жардамга келүүнүн мыкты жолу. Кызматтан башкаруу тууралуу толук маалымат менен компаниянын сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы