Перейти на новый сайт

MegaCom Ош шаарында жаңы Фирмалык салонун ачты

MegaCom Ош шаарында жаңы Фирмалык салонун ачты

MegaCom компаниясы Ош шаарында кезектеги Фирмалык салонунун ачылышы тууралуу маалымдайт. Буга чейин түштүк борборубузда 5 Фирмалык салон абоненттерди тейлеп келген.
Жаңы салонго кайрылган Ош шаарынын тургундарына жана меймандарына келишим түзүү, түйүнгө кошулуу, ыңгайлуу тарифтик планды тандоо, өз телефонунда GPRS/3G интернетти акысыз тескөө, байланыш кызматтары үчүн акы төлөө сыяктуу кызматтардын кеңири түрлөрү көрсөтүлөт.

Ош шаары–Кыргызстандын туристтик багытта белгилүү болгон шаарларынын бири. Дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан келип жаткан туристтер жыл сайын миңдеп саналса, атагы алыска кеткен Сулайман тоосун бир көрүүнү самаган мекендештерибиздин да катары үзүлбөй келет. Филиалдык түйүндү кеңейтүү күндөн-күнгө саны арбып келе жаткан абоненттерге сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүү максатын көздөйт.

Фирмалык салон Ош шаары, Төлөнов көч. 79/1 дарегинде жайгашкан. Иш убактысы: саат 9:00дөн 18:00гө чейин, майрам күндөрүн кошуу менен, дем алыш күн: жекшемби, түшкү тыныгуу убактысы: саат 12:30дөн 13:30га чейин.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Викторина «Пополняй и выигрывай»

  • Услуга

    Кто звонил?

  • Услуга

    «Голосовая почта»

  • Услуга

    Планер