Перейти на новый сайт

MegaCom: 2015-2016 тоо лыжа сезонун чогуу ачалы

MegaCom: 2015-2016 тоо лыжа сезонун чогуу ачалы

MegaCom компаниясы жагымдуу жаңылык менен бөлүшүүгө ашыгат – Караколдо калың кар жаады! Бул жакында тоо лыжа сезону башталат дегенди билдирет. MegaCom мобилдик оператору 2015-2016 -жылдардын тоо лыжа сезонунун расмий ачылышына да Башкы демөөрчү болду. Башкача айтканда, алты жыл катары менен кышкы спорт оюндарын сүйүүчүлөр үчүн атайын иш-чара уюштуруп берүүнү салтка айландырып алган.

28 -29- ноябрда «Каракол» тоо лыжа базасында өтө турган маданий-массалык жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу иш-чарага чакырат. Мырзалар, айымдар жана балдар арасында сноуборд жана лыжаны колдонуу менен слалом-гигант боюнча өткөрүлүүчү мелдеш менен бир катар эле оюндар, конкурстар жана мультимелдештер өткөрүлмөкчү. Калың карга бөлөнгөн тоо бетинде тоо лыжасы менен сноубордду жаңыдан үйрөнүп жаткандар гана эмес, «кесипкөйлөр» дагы өз күчүн сынай алышат. Жигердүүлүк менен айырмалангандарды жагымдуу жана пайдалуу белектер күтөт. Толугураак маалымат социалдык тармактардагы компаниянын расмий баракчаларында: facebook.com жайгаштырылган.

Иш-чара калктын калың катмарын спорт менен машыгууга үндөө, жолдоштук сезимди калыптандыруу, биримдикке чакыруу максатында уюштурулат. Белгилей кетсек, MegaCom сапаттуу байланыш сигналы жана 3,75G мобилдик Интернети тоо лыжа курортунун жана Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында жеткиликтүү.

MegaCom – мега ылдамдыкты сына!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Ассистент»

  • Услуга

    SmartBook

  • Услуга

    «GoodOk»

    icon
  • Услуга

    «Подарок ко Дню рождения»