Перейти на новый сайт
MegaCom: Жакындарыңыздын балансы автоматтык түрдө толукталышы мүмкүн!

MegaCom: Жакындарыңыздын балансы автоматтык түрдө толукталышы мүмкүн!

Көп учурда шашылыш чалууга каражат жетпей калганга чейин баланска көңүл бурбайбыз. Так ушул убакытта балансты эч жерден толуктай албай же убакыт жок болуп калат. MegaComдон «Автотөлөм» кызматын кошуп мындай жагдайды болтурбоо мүмкүн. Жакындарыңыздын мобилдик эсебинде 10 сомдон кем болгондо кызмат автоматтык түрдө сиз буга чейин белгилеген суммадагы каражатты жакындарыңыздын мобилдик эсебин сиздин мобилдик эсебиңизден толуктайт.

          

Бул:

Ыңгайлуу – телефондук балансты автоматтык түрдө толуктоо;
Тез - көз ачып жумгуча мобилдик эсепти толуктоо;
Текшерүүгө оңой – сизге жана каражатты мобилдик эсебине алуучу абонентке акча каражат ийгиликтүү которулгандыгы/толукталгандыгы тууралуу SMS-билдирүү келет.

Сиз бир же бир нече номурдун мобилдик эсебине толуктоо жүргүзүүнү автоматташтырып койсоңуз болот, ошондой эле «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо» акысыз кызматын кошуу аркылуу жакындарыңыздын мобилдик эсебин өз учурунда толуктап турууңуз мүмкүн. Көңүл буруңуз бул абдан эле оңой, себеби кызмат кошууну талап кылбайт жана абоненттик төлөм каралган эмес, ал эми комиссиясы автоматтык түрдө которулуучу суммадан болгону 2 пайызды түзөт. Толугураак маалыматты жана кызматты башкаруу буйруулары тууралуу www.megacom.kg сайтынан билүүңүз мүмкүн.

MegaComдон «Автотөлөм» кызматынын жардамы менен ар дайым байланышта жана онлайнда.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы