Перейти на новый сайт
MegaComдун бир жылдык акысыз Интернетинин бактылуу ээлери аныкталды

MegaComдун бир жылдык акысыз Интернетинин бактылуу ээлери аныкталды

Дүйнө коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал болгон тажрыйбалуу психолог Джон Грейдин устаттык сабагын өткөрүүгө башкы демөөрчүлүк кылган өлкөбүздүн мобилдик оператору MegaCom компаниясы аталган иш-чаранын катышуучуларын

«Бир жылдык акысыз Интернет» аттуу күтүүсүз Акциясы менен кубандырды. Катышкандардын бири лототрондон көрүүчүлөрдүн отурган орундарына шайкеш номурларды алып чыгуу менен бактылуу жеңүүчүлөрдү аныктап жатты. Ошентип үч бактылуу жеңүүчү MegaComдон «платина» категориясындагы кооз номур жана кошумча 5ГБ, 3ГБ жана 1ГБ ай сайын берилүүчү акысыз мобилдик Интернетти бир жылга белекке алды!

«Келе жаткан жылы MegaCom компаниясы өзүнүн 10 жылдыгын белгилемекчи, бул ушул убакыттын аралыгында компания байланыш тармагында сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүп келүүдө дегенди билдирет, мындай мааракелик жылды утурлай компания мобилдик белектерди берүүнү чечти, Акциянын жеңүүчүлөрү келе жаткан 2016-жылы Интернет менен акысыз колдонушат. Алдыда дагы көп кызыктар күтөт, компаниянын жаңылыктарын көз жаздымда калтырбаңыздар» - деп белгилей кетти, өз сөзүндө MegaCom компаниясынын жарнама жана PR бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов.

Компания тынымсыз интеллектуалдык өсүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт, муну компаниянын негизги баалуулуктары: өнүгүү жана ийгиликке умтулуу тастыктайт. MegaCom кыргызстандыктарды жөн гана сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыздап келбестен, кызыктуу окуялардын күбөсү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Жакшыга жанаш демекчи, ийгилик жолун тандагандарды ийгилик коштой тургандыгы бышык.

Ийгилик коштогон топко кошул – MegaCom менен бол!

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы