Перейти на новый сайт
MegaCom легендарлуу Джон Грейдин семинарына билеттерди тартуулайт

MegaCom легендарлуу Джон Грейдин семинарына билеттерди тартуулайт

Миллиондорго бактылуулуктун, үй-бүлөдөгү жана кесиптештери менен болгон мамилелерди туура нукка салуу менен ийгиликке жетүүнүн сырларын ачып берген дүйнөлүк белгилүү психолог Джон Грей Кыргызстанда! Ал 9-ноябрь күнү Бишкекте «Мырзалар Марстан, айымдар Венерадан» деген аталыштагы эксклюзивдүү семинар өткөрмөкчү. Иш-чарага башкы демөөрчү болуу менен MegaCom компаниясы бардык кыргызстандыктарга дал ушул күздүн күнү жашообузга жаңы боёкторду тартуулай турган бул иш-чарага акысыз катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Мобилдик оператордун социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларындагы конкурска катышыңыз жана билеттерге ээ болуңуз!

Джон Грейдин феноменалдуу атактуулугу эмнеде? Анын сыры белгилүү психологдун айымдар менен мырзалардын ортосундагы мамилеге жаңы өңүттөн сереп салып, бекем үй-бүлөнүн пайдубалын курууга, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүп келгендигинде болсо керек. Дал ушул жаатта, 30 жылдан ашуун убакыттан бери, өткөрүп келе жаткан кызыктуу семинарлары адамзатты толкунданткан бир катар суроолорго жооп табууга жардам берип келет. Сүйүктүү адамың менен назик мамилени кантип сактап калууга болот? Заманбап жашоодо балдарды кантип тарбиялоо керек? Жылуу сезимдерге чулганган жашоого кантип кайтып келүүгө болот? деген суроолорго жооп алып, үй-бүлөдөгү гармониялуу мамилелер тууралуу Джон Грейдин көз карашына ортоктош болгуңуз келсе эксклюзивдүү семинарга келип катышып кетсеңиз ашыкча болбос.

Интеллектуалдык өнүгүү MegaCom компаниясынын баалуулуктарынын маанилүү бөлүгү, башкача айтканда: өнүгүү жана кынтыксыздыкка умтулуу!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы