Перейти на новый сайт

MegaCom билим берүү чөйрөсүнө өзгөчө колдоо көрсөтүп келет

MegaCom билим берүү чөйрөсүнө өзгөчө колдоо көрсөтүп келет

MegaCom компаниясы төрт жыл катары менен өлкөбүздүн мыкты, жаңычыл мугалимдерине сыйлык тапшырып келет.Мындай шыктандыруучу иш-чараны өткөрүү уюлдук оператор үчүн салтка айланып калгандай.

Жаш жеткинчектерди мекенчилдикке тарбиялоо багытындагы сабактардын иштелмелерине жарыяланган сынактын уюштуруучуларынын-«Кут Билим» коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу гезитинин жамаатынын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, алардын ысымдары аталды. Алар: Зиедхон Атахожаев жана Сыдык Мамыров Жалал-Абад облусунан, Дилдекан Абдылдабекова жана Жаңыл Козубекова Талас облусунан, Ош облусунан Сатар Карыев жана да Зуура Сатыбалдиева Бишкек шаарынын өкүлү. Өз ишине чыгармачылык менен мамиле кылган мугалимдер окуучуларынын ыраазычылыгына арзышты. Окуучулар атайын даярдалган ыр-бийлерин тартуулашып, комузда кол ойнотуп жатышты. Өз кезегинде, MegaCom компаниясынын өкүлдөрү жеңүүчулөрдү татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, келечек муунду тарбиялоого кошуп жаткан салымынын баалуу экендигин баса белгилей кетишти.

«100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон уюлдук оператор катары, MegaCom компаниясы туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет – деп, белгилей кетти өз сөзүндө MegaCom компаниясынын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Омурканов. MegaCom – жалпы кыргыз журтуна мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү менен чектелбестен, мамлекет казынасына миллиондогон салыктарды төлөп келет, иштелип табылган ар бир сомдун бюджетке түшүүсүн камсыздайт. Төлөнгөн салыктардын эсебинен пенсиялар, жөлөкпулдар, мугалимдердин, дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин айлык маянасы калыптанат. Алардын катарына маданият, билим берүү жаатында эмгектенген кызматкерлердин кире тургандыгы да бышык»

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Mega USSD»

  • Услуга

    «Ваш мобильный счёт»

  • Услуга

    Астрология

  • Услуга

    Раздай Wi-Fi