Перейти на новый сайт

MegaCom – интернет-кызматтары чөйрөсүндөгү ири салык төлөөчү

MegaCom – интернет-кызматтары чөйрөсүндөгү ири салык төлөөчү

MegaCom интернет-кызматтары чөйрөсүндөгү ири салык төлөөчүлөрдүн рейтингинин көч башында.

«Ачык бюджет» порталындагы маалыматка ылайык, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода маркасындагы) 2015-жылдын 1-январынан 15-октябрына чейинки убакыттын ичинде Кыргыз Республикасынын өкмөттүк мекемелеринин пайдасына салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 3 миллиард 459,9 миллион сомду которгон. Бул көрсөткүч өлкөбүздүн алдыңкы интернет-провайдерлеринин арасында төрт жыл катары менен эң жогорку болуп келет. Компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын берилген маалыматына ылайык «Мыкты салык төлөөчү» наамына биринчи жолу 2008-жылы татыктуу болгон.

Компаниянын акцияларынын 100 пайызга мамлекетке тиешелүү болгондугу, иштелип табылган ар бир сомдун бюджетке түшүүсүн шарттоо менен, бюджеттин эсебинен камсыздалган мугалимдердин, дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин жана маданият жаатындагы кызматкерлердин пенсия, жөлөкпул жана айлык маянасын өз учурунда алуусуна түрткү бере тургандыгын MegaCom компаниясы сыймыктануу менен билдирет. MegaCom мобилдик оператору кыргызстандыктарга эл аралык сапаттык менеджмент стандартына дал келген , үнөмдүү жана сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүп келе жаткандыгына 9 жылдын жүзү болду.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!
 

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы