Перейти на новый сайт

MegaCom Казакстандын Altel операторунун түйүнүндө да роумингди ишке киргизди

MegaCom Казакстандын Altel операторунун түйүнүндө да роумингди ишке киргизди

MegaCom компаниясы өз абоненттерине өлкө ичинде жана башка өлкөлөрдө да баарлашуу ырахатын тартуулап келет. 2015-жылдын 14-октябрынан тарта Altel (Казакстан) операторунун түйүнүндө абоненттерге кийин төлөнүүчү роуминг кызматы жеткиликтүү.

MegaCom мобилдик операторуна роуминг өнөктөш болуу менен Altel Казакстандын Kcell, KaR-Tel, Tele2 операторлорунун катарын толуктады. Эми коңшу мамлекеттин аймагында болгон MegaCom абоненттерине кийин төлөнүүчү роуминг кызматы менен колдонуу үчүн оператор тандоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк пайда болду.

Казакстанда кийин төлөнүүчү роуминг кызматын колдонуп Сиз өз номуруңузду алмаштырбастан ар дайым жакындарыңыз, кесиптештериңиз менен байланышта болуп, чалууларды кабыл алып, чалуу аткарып, SMS билдирүүлөрдү жөнөтүп жана кабыл алып, мобилдик интернет менен адаттагыдай эле колдоно аласыз. «Роумингдеги кайтарым чалуу» кызматын же «Үнөмдүү роуминг» тарифтик опциясын колдонуу менен Казакстандагы роуминг чалуулардын тарифтөөсүн үнөмдөөгө болот.

Роумингде MegaComдун мобилдик байланыш кызматынын көрсөтүүнүн шарттары тууралуу толугураак маалыматты компаниянын: www.megacom.kg сайтынан алууга болот. 

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Роуминг»

  • Услуга

    4G LTE

  • Услуга

    «Подарок ко Дню рождения»

  • Услуга

    «Видеовызов»