Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин байланыш чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы КР МБА тарабынан белгиленди

ГАС КР отметил сотрудников MegaCom за вклад в развитие отрасли связи

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин негизделгендигинин 18 жылдыгына карата MegaCom компаниясынын кызматкерлери - техникалык директору Батырбек Джумабеков жана укук маселелери боюнча директору Айнура Джумашева мекенибиздин байланыш тармагына кошкон бараандуу салымы жана ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чынгыз Бекташев кесиптештерине куттуктоосун жолдоп, бул күндүн өлкөнүн телекоммуникация жаатындагы ордуна өзгөчө токтолуп, аталган тармак туура багытка салынганда гана өнүгүү жолуна түшүүгө боло тургандыгын жана өлкө экономикасынын алдыңкы секторлорунун бири болууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалай кетти.

Байланыш агенттиги MegaCom компаниясы менен кызматташуу менен бир катар БУУнун алдындагы Эл аралык электрбайланыш уюму менен дагы тыгыз кызматташтыкта. MegaCom – коомубуз үчүн дүйнөлүк маалымат технологияларына чыйыр салып, эл аралык уюмга мүчө кирген бирден-бир жана алгачкы компания.

Белгилей кетсек, MegaCom компаниясы 9 жылдан бери кыргызстандыктарга байланыш кызматтарынын бардык түрлөрүн көрсөтүп келет. Ата Мекенибиздин ишенимдүү мобилдик оператору каптоо аймагы боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунду ээлейт, башкача айтканда өлкөнүн калктуу аймагын 98пайызга чейин сапаттуу байланыш менен камсыздап, 3 миллиондон ашуун абоненттерди тейлөөдө.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    «Чёрный список»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)

  • Услуга

    «Переадресация вызова»