Перейти на новый сайт
Мобилдик интернетке жана уюлдук байланышка чыгымдарды үнөмдөөчү 10 лайфхак

Мобилдик интернетке жана уюлдук байланышка чыгымдарды үнөмдөөчү 10 лайфхак

Эгерде Сиз мобилдик интернетке жана уюлдук байланышка болгон чыгымдарыңызды үнөмдөөнү кааласаңыз, анда Сизге MegaCom компаниясынын эксперттеринин кеңештери жардамга келет.

• Анда эмесе, Сиз алгач ай сайын мобилдик трафикке канча каражат сарптай тургандыгыңызды тактап алууңуз керек. «Ачык эсеп» кызматынын *080# жана*081# акысыз буйрууларын териңиз же «Сиздин мобилдик эсебиңиз» кызматы менен колдонуңуз, аталган сервис Сиздин электрондук почтаңызга эсебиңиздин деталдоосун акысыз жеткирүүнү камсыздайт. Мегабайттардын, чалуу мүнөттөрүнүн жана SMS билдирүүлөрдүн Сиз сарптай турган көлөмүнө жараша тарифти жана опцияны тандаңыз.
Мобилдик трафикти оптималдаштырыңыз:
Интернет топтомдорун сатып алыңыз, “дүңүнөн” сатып алуу принциби аракетте болгондуктан мегабайттарга азыраак каражат сарптайсыз. Көңүл буруңуз – «Күн-Түн» түркүмүндөгү топтомдорунун алкагында топтомдук мегабайттын эң төмөнкү наркы 8 тыйынды түзөт. Атайын-опцияларды кошуу менен да үнөмдөй аласыз. Эгерде интернет менен көп колдонуп чалууларды аз аткарсаңыз атайын тарифти кошуңуз, азыркы кезде мобилдик операторлор кайсы тариф кайсы багытка ылайыкталгандыгы тууралуу кеңири маалымат берип келишүүдө. Алардын катарына Like жана Device интернет-тарифтерин кошууга болот.
• Дүйнөлүк белгилүү сайттарды иштеп чыгуучулардын Facebook же Odnoklassniki сыяктуу мобилдик же соцтармактар үчүн тиркемелерин колдонуңуз. Тиркемелер бардык түрдөгү мобилдик түзмөктөргө ылайыкташтырылып, атайын IT-лабораторияларда текшерүүдөн өткөн, техникалык колдоолору - фидбэк, такай жаңылануулары бар.
• Сайттардын мобилдик версияларын колдонууга аракеттениңиз.
• Браузериңизде трафикти үнөмдөөчү абалын коюуну эстен чыгарбаңыз.
• Маал-маалы менен смартфонуңуздун программалык камсыздоосун жана орнотулган тиркемелерин версияларын жаңыртыңыз, анткени иштеп чыгуучулар трафикти көзөмөлдөөгө жана каражатты үнөмдөөгө ыңгайлаштырылган жаңы чечимдерди сунуштап келет.
• Трафикти сарптоодо лимитти жана белгиленген чекке жеткенде маалымдоону орнотуңуз. Мындай аракеттер мобилдик телефонуңуздун тууралоосуна кирип ишке ашыра аласыз.
• Көп колдонулбаган тиркемелердин «маалымат алмашуунун фондук режимин» бөлүмүн өчүрүңүз.
• WiFi менен колдонгон учурда мобилдик маалыматтарды өчүрүүнү эсиңизден чыгарбаңыз.
«Элдик 50», «Элдик 80», «Элдик 120», «Элдик 160», «Элдик 210» топтомдорун кошуп алуу менен, үнөмдөөнүн эң оңой жолун тандаңыз.
Мобилдик байланышка сарпталган чыгымдарды үнөмдөөчү кызматтар тууралуу толугураак маалыматты www.megacom.kg расмий сайтынан биле аласыз.
 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы