Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясында промоутерлер үчүн бош жумуш орундары ачылды

MegaCom компаниясында промоутерлер үчүн бош жумуш орундары ачылды

2015-жылдын 2-октябрында Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Кесиптер жана эмгек жарманкесине» MegaCom компаниясынын кызматкерлери да катышты.

Иш-чара бардык кызыкдар болгон жактар- жумуш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр үчүн ачык форматта өттү. Жумуш берүүчүлөрдүн катарын билим берүү, кызмат көрсөтүү, ишкер-түзүмдөр сыяктуу ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрү толуктаса, жумуш издөөчүлөрдүн ичинен MegaCom компаниясында иш тажрыйба өтүүгө, эмгектенүүгө кызыккандардын саны арбын болду. Түрдүү курактагы жана ар тараптуу кесип ээлеринин арасында мындай кызыгуунун жаралышы- MegaCom компаниясынын телекоммуникация жаатындагы алдыңкы орунга ээ болгондугунда жана ишенимдүү, туруктуу жумуш берүүчү катары таанылгандыгында десек ашыкча болбос.

Компания кызматкерлери тарабынан жумуш издөөчүлөргө компаниянын Аймактык өкүлчүлүктөрүндөгү жана Бишкек шаарындагы бош жумуш орундары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айтмакчы, азыркы кезде компанияга промоутерлер талап кылынат. Промоутер- окуу менен жумушту оңой эле айкалыштырып, татыктуу айлык маяна алууну шарттаган заманбап, студенттик кесип. Промоутер бейтааныш адамдын көңүлүн бурууга, сабаттуу сүйлөшө билүүгө жана каршылыктарды туура кабыл алууга үйрөнөт. Ошондой эле өлкөбүздүн ийгиликтүү жана беделдүү компанияларынын биринде иш тажрыйба топтоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы