Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы ардагерлер үчүн ызааттоо жана кайрымдуулук күнүн уюштурду

MegaCom компаниясы ардагерлер үчүн ызааттоо жана кайрымдуулук күнүн уюштурду

MegaCom, салтка айлангандай эле, компания тарабынан колдоого алынган ардагерлерди Карылар күнү менен куттуктады. Бул майрам дүйнө жүзү боюнча 1-октябрда белгиленип келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Ата Мекендик мобилдик оператор уюштурган акылмандыктын жана кайрымдуулуктун майрамына чогулгандар өткөндү эске салып, жылуу сезимдер менен бөлүшүп, бири-бирине ден соолук каалап, жакшылык жылоологон маанайда өттү. Жагымдуу көз ирмемдерге чулганган мындай жолугушуу дайыма эле боло бербестигин түшүнгөн кадырман карыялар, мүмкүнчүлүкту колдон чыгарбай, черлерин жазып жатышты.

Бишкек шаарында ардактуу коноктор үчүн «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунун артистеринин катышуусу менен даярдалган салтанаттуу концерт болуп өттү. «Майрамга карата өлкөбүз боюнча миңден ашык колдоого алынган ардагерлер эки миң сом өлчөмүндөгү жардам каражаттарын алышат», - деп кеп учугун улаган MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов ардагерлерге куттуктоо сөзүн жолдоду. «Мегаком компаниясы бул майрамдын эл аралык аталышын алмаштырып, жан-дүйнөбүзгө жылуу сезимдерди тартуулаган ызааттоо жана кайрымдуулук күнү катары белгилеп келет. Байыртадан эле элибиз «Карысы бардын ырысы бар» деген накыл кепти туу тутуп, карыларына сый-урмат көрсөтүп келген. Терең ыраазычылыкка чулганган куттуктообузду жолдоо менен, турмуштун катаал сыноосун татыктуу көтөрө билген, көкүрөгүндө жаштыктын илеби уялаган ата-апаларыбызга жүзүңүздөрдөн жылмаюуңуздар өчпөсүн деп тилемекчибиз», – деген сөздөр менен өз сөзүн жыйынтыктады Азат Базаркулов. 

Концерттин соңунда, ардагерлер MegaCom компаниясынын ыктыярчылары тартуулаган «Жакындарга чалуу» кызматы аркылуу өз жакындарына чалып алардын ал-абалынан кабар ала алышты. Иш-чараны уюштурууда компания кызматкерлеринин эмгегин баса белгилей кетүү абзел. Ыктыярчылар улуу муунга аяр мамиле кылып, залдагы орундарына чейин коштоп отургузуп, үйлөрүнө чейин жеткиришти. Алардын айтымында, жашоосу уламышка айланган ардагерлерибиздин саны жыл сайын азайып келет. Ардагерлерди кайрадан көрүп, алардын окуяларын угуп, алар менен бул майрамды тең бөлүшүү – бул чоң бакыт.

Ардагерлердин курагын эске алып, алардын саламаттыгына кам көрүү максатында, тез жардам кызматы кезметте болду. Дарыгерлердин болуусу кооптуу жагдайда кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. MegaCom мобилдик оператору улуу муунду колдоо программасын ишке ашыруу менен 9 жылдан бери ардагерлерге жардам берип келет. Бул иш-чараны каржылоо үчүн жыл сайын компаниянын бюджетинен 4 миллион сом бөлүнөт.

Ар бир үй-бүлөөдө улууларга урмат, сый көрсөтүү бар. MegaCom компаниясынын жамааты бардык улуу муунду ызаттоо жана кайрымдуулук күнү майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана зор бакыт каалайт!.

 

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы