Перейти на новый сайт
Жанарбек Кенжеев: Рухтун күчү – жеңишке жетүүгө дем берет

Жанарбек Кенжеев: Рухтун күчү – жеңишке жетүүгө дем берет

MegaCom компаниясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен 2015-2016-жылдардагы кызматташтык долбоорунун алкагында, кыргызстандыктарды 2016-жылы Рио–де–Жанейродо (Бразилия) өтүүчү Олимпиадалык оюндарга билек түрө даярдык көрүп жаткан атактуу спортчуларыбыз менен тааныштырууну улантууда. Эл аралык олимпиадалык комитетинин стипендиясына татыктуу болгон спортчуларыбызга мекендештерибиз тарабынан артылган ишеним зор. Бүгүнкү маегибиз грек-рим күрөшүнүн тажрыйбалуу балбаны Азиянын чемпиону жана спорттун эл аралык класстагы чебери Жанарбек Кенжеев өзүнүн экинчи Олимпиадалык оюндарына кезектеги лицензияны багындыруу үчүн даярдык көрүп жатат. FILA күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча Эл аралык федерациясынын рейтингине үңүлсөк, Жанарбек грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн 20 мыкты балбанынын катарында.

 

Жанарбек, өзүңүздүн кичи мекениңиз тууралуу айта кетсеңиз?

Мен Талас облусунан болом. Айкөл Манас атабыздын ажайып көрктүү мекени. Киндик кан тамган жердин касиеттүү күчү мени алдыга койгон максаттарыма жетелейт.

Сиз спортко кантип келдиңиз, күрөш өнөрү менен кайсы убактан баштап чындап машыга баштадыңыз?
Менин агаларым машыгышчу, анан мени да кошо башташты. Акырындык менен көнө баштадым жана кызыгуум жаралды. Кесипкөй деңгээл – оор жана талыкпас эмгектин жемиши.

Сиз үчүн ким үлгү болду?

Кыргызстандын желегин бийик желбиреткен, күчтүү эрки бар адам, атактуу спортчу, коомдук ишмер - Раатбек Санатбаевдин баскан жолу мен үчүн үлгү.

2016- жылы боло турган Олимпиадага даярдык кандай жүрүп жатат?

Даярданып жатабыз. Жакында Астанада таймаш өтөт, ал иш чарада жакшы жыйынтык көрсөтүү үчүн машыгууну күчөтүп жатам. Мен жакында Америкадан жеңилдим. Атаандашымдын жакшы даярданганы белгилүү болду, даярдык жагынан кетирип алган кемчиликтеримди сездим. Албетте, капа болдум. Ар бир жеңилүү – жеңишке жетүүдө туура багыт тандоону шарттайт, кемчиликтериңди эсиңе салат.

Жаңыдан спорт дүйнөсүнө баш баккан спортчуларга айтар кеп-кеңешиңиз?

Жаштардын машыгууга көп көңүл буруп, кандай гана жагдай болбосун кыйынчылыктарга туруштук бере билүүсүн каалайм. Туура тамактанууну жана сергек жашоону көз жаздымда калтырбоону да белгилей кетейин. Рухтун күчү – бул эң негизги, жеңишке дем берет. Жеңем деп максат коё билүү-жеңишке жетүүнүн алгачкы кадамы.

Спорттогу жеңиштериңизди жана ийгиликтериңизди кимге арнайсыз? 
Албетте, биринчи кезекте Кыргызстанга, мекениме, андан кийин ата-энеме, досторума жана күйөрмандарыма. Спортко кайдыгер карабаган ар бир мекендешиме, жетишкендиктерибизге маңдайы жарыла кубанган жана таймаштарда бизге ийгилик каалагандардын бардыгына арнайм. 

Сыйлыктары:
2014 – «коло». Турлыханов атындагы эл аралык турнир (Казакстан).
2014 – «коло». Азия оюндары (Корея).
2014 – «алтын». Азия чемпионаты Астана ш. (Казакстан).
2010 – «коло». Азия чемпионаты Гуанжо ш. (Кытай).
2009 – «коло». Азия чемпионаты.
2006 – «коло». Азия оюндары Доха ш. (Катар).
2005 – «алтын». Юниорлор арасындагы Дүйнө чемпионаты (Литва).
2004 –Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу Афины ш. (Греция)
2004 – «коло». Азия чемпионаты Алма-Ата ш. (Казакстан).
2003 – «коло». Юниорлор арасындагы дүйнө чемпионаты (Түркия).
2002 – «алтын». Жаштардын олимпиадалык оюндары Москва ш. (Россия).
2001 – «алтын». Кадеттер арасындагы Азия чемпионаты Тегеран ш. (Иран).
2000 – «алтын». Кадеттер арасындагы Азия чемпионаты Тегеран ш. (Иран).

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы