Перейти на новый сайт

MegaCom Константин Юдахиндин сөздүгүн кайрадан басып чыгарууга колдоо көрсөттү

MegaCom Константин Юдахиндин сөздүгүн кайрадан басып чыгарууга колдоо көрсөттү

MegaCom компаниясы белгилүү кыргызча-орусча сөздүктү кайрадан басып чыгарууга демөөрчү болду. Чыгаан тилчи-түрколог, профессор, академик Константин Юдахиндин талбаган, көп жылдык эмгегинин үзүрү болгон бул сөздүк алгачкы нускалары белгилүү илипоздун 125 жылдыгына жана сөздүктүн 50 жылдыгын майрамдоо мааракесине карата жарык көргөн. Аталган эмгекте фразеологизмдер, накыл сөздөр жана макал-лакаптар чогултулган.

Демилгечилер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, аяк оона айынын соңунда эки миң нускадагы сөздүк жарык көрүп, өлкөнүн муниципалдык, мамлекеттик, жана билим берүү мекемелеринин арасында таратылат. Эми, жалпы эле кыргызстандыктар жана кыргыз тилин үйрөнүүнү самагандар 50 миң сөздөн турган сөздүк менен колдоно алышат.

«Бардыгы - мектеп окуучуларынан профессорлорго чейин сөздүк менен пайдалана алышат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган ойлорду колдоого багытталган тыгыз кызматташтыкта ушундай баалуу басылмага экинчи жашоо тартуулоого көмөктөшкөн, башкача айтканда каржылык көмөк көрсөткөн мекенибиздин уюлдук операторуна ыраазычылык билдирем», - деп баса белгилей кетти өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов.

MegaCom компаниясы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанда 23-сентябрда белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнү менен мекендештерин куттуктайт. Кошумчалай кетсек, компанияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кыргыз тили боюнча атайын тренингдер өткөрүлөт. Мобилдик оператор туруктуу негизде улуттук баалуулуктарды, тилди жана маданиятты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Переоформление номера»

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»