Перейти на новый сайт
MegaCom: Бишкек-Ош була-оптикалык линиясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 эсе жогорулады

MegaCom: Бишкек-Ош була-оптикалык линиясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 эсе жогорулады

MegaCom компаниясы Бишкек-Ош тилкесиндеги радиорелелик байланыш линиясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жумуштарын жыйынтыктады.
 

Натыйжада, линиянын бул бөлүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 эсе жогорулаган. Байланыш каналдарын кеңейтүү аркылуу көлөмү күндөн-күнгө өсүп жаткан интернет-трафикти өткөрүү үчүн техникалык даярдык камсыздалып жана тармактын туруктуу иштешине шарт түзүлөт.

Тармакты байма-бай жаңылап туруу менен, MegaCom компаниясынын абоненттери тармакта болгон жүктөмгө карабастан жогорку ылдамдыктагы, туруктуу жана ишенимдүү байланыштан пайдалана алышат. Компаниянын техникалык адистери байланыш кызматтарынын түркүмүн ири шаарларда гана эмес, өлкөбүздүн алыскы аймактарында да жайылтууга өзгөчө маани берип келет.

Эске салсак, MegaCom мобилдик оператору абоненттерди сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыздоо максатында «Бишкек-Ош» була оптикалык байланыш линиясын (БОБЛ)төшөө долбоорун иш жүзүнө ашырууда. Мобилдик оператор жеке була-оптикалык линиясын ишке киргизүү менен абоненттерине жаңы жана уникалдуу кызматтарды сунуштамакчы.
MegaCom – өнүгүү жана инновация үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы