Перейти на новый сайт

MegaCom роумингдеги пайдалуу үн топтомдорун сунуштайт

MegaCom роумингдеги пайдалуу үн топтомдорун сунуштайт

MegaCom компаниясы, роумингдеги Мегафон жана Теле2 (Орусия), Kcell жана Теле2 (Казакстан) операторлорунун конок тармагында байланыш кызматтарынан активдүү пайдаланып келген абоненттер үчүн – «+996» ыңгайлуу жаңы үн топтомдорун ишке киргизди.

Эми, алдын ала жана кийин төлөнүүчү роумингдеги абоненттер, популярдуу эл аралык 2 багыт – Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө, КРдин мобилдик жана катталган номурларына жана конок тармагындагы чыккан чалууларды 21 пайыз үнөмдөө менен аткара алышат. «+996» топтомдор түркүмү роумингде үйгө чалуу үчүн ар түрдүү көлөмдөгү үн мүнөттөр топтомдорун сунуштайт:

  • 665 сом үчүн 20 мүнөт,
  • 985 сом үчүн 30 мүнөт,
  • 1615 сом үчүн 50 мүнөт.

«Жаңы топтомдук кызмат абоненттердин арасында эң популярдуу болгон Орусия жана Казакстан багыттары боюнча чалууда каражатты үнөмдөөгө шарт түзүү максатында атайын иштелип чыккан. Жаңы сунуш, МегаФон (Орусия) тармагында 70 пайызга чейин каражатты үнөмдөөгө шарт түзгөн «Роумингдеги интернет-топтомдор» сыяктуу дисконт-кызматтарынын түркүмүн толуктады», - деп билдирди MegaCom компаниясынын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

Топтомдор кошулуу күнүнөн тарта жети күн жеткиликтүү болот. «+996» кызматынын шарттары тууралуу толук маалыматты *104# буйруусун терүү же 0555395000 номуру боюнча Кардарларды колдоо кызматына чалуу аркылуу билүүгө болот.
Роумингдеги баарлашууну чектебей, Орусияда жана Казакстанда жүргөндө үйгө үнөмдүү чалуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз.

MegaCom – чексиз баарлашуу!
 

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы