Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери «Өмүрлөрдү сактайлы» акциясына катышты

MegaCom кызматкерлери «Өмүрлөрдү сактайлы» акциясына катышты

MegaCom компаниясынын кеңсесинде уюлдук оператордун кызматкерлери кан тапшырышты. Иш-чарага кызматкерлер жигердүү катышкандыктан, бир күн аз болуп, эки күнгө уланды. Жыйынтыгында донордук пункт рекорддук көлөмдө – 60 литрден ашык кан чогултту! Компаниянын 130 тан ашуун кызматкерлери донор болду, алардын арасында буга чейин кан тапшырып келгендер жана алгачкы жолу тапшырып жаткандар болду. Бардык чогултулган кан, күнүгө донордук канга жана алардын курамчаларын куюуга зарыл болгон бейтаптарды дарылоого жөнөтүлөт.

Эмне үчүн бул акцияга катышып жатасыз деген суроого мегакомдуктар: «Балким биз тапшырып жаткан кан бирөөнүн сакайып кетүүсүнө жардам берет» - деп, жөн гана жылмаюу менен сүрөткө түшүүдөн баш тартышты.
«Кан бөлүшүп, өмүрлөрдү сактайлы» акциясынын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо Министрлигинин Республикалык кан борбору MegaCom компаниясынын кызматкерлерине, кайрымдуулук кан тапшыруусуна терең ыраазычылыгын билдирди.

MegaCom компаниясы – социалдык жоопкерчиликтүү коммерциялык уюму, мекендештердин көйгөйлөрүнө жана муктаждыгына кош көңүл эместигин билдирет. Билим берүү, маданият, жана спорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге саламаттыкты сактоо жаатындагы социалдык демилгелерди колдоп келет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «ЗОЖ»

  • Услуга

    «SMS–консультант»

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «Оповещение о низком балансе»