Перейти на новый сайт
MegaCom 3,75G түйүнүн кеңейтүүдө

MegaCom 3,75G түйүнүн кеңейтүүдө

MegaCom компаниясы алыскы калктуу конуштарга өзгөчө маани буруу менен Кыргызстан баардык аймактары боюнча уюлдук байланыш сапатын жакшыртып, каптоо аймагын кеңейтүү иштерин улантууда.

Жаңы базалык станциялардын орнотулушу Бууракан, Жар-Таш жана Жалал-Абад облусунун Чакмак-Суу айылдарында байланыш сапатын бир кыйла жогорулатууга шарт түздү жана ошондой эле Чүй облусунун Первомайское айылында 3,75G сигналын туруктуулугун камсыз кылды. Уюлдук түйүндү оптималдаштыруу иштери мобилдик интернеттин ылдамдыгын олутуу түрдө жогорулатууга, үн чалууларынын сапатын жакшыртууга жана Чүй облусунун Октябрьское айылында уюлдук түйүндүн каптоосун кеңейтүүгө шарт түздү.

Жай мезгилинде MegaComдун техникалык адистери Ысык-Көл облусундагы базалык станцияларынын сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин аткарды, бул аткарылган иш-чаралар Ысык-Көл облусунун түндүк жана түштүк жээктериндеги айылдарында жана Каракол, Чолпон-Ата шаарларында уюлдук байланыш сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түздү. Алдыңкы байланыш оператору Талас облусунун Жийде, Көк-Сай, Кызыл-Адыр айылдарында үн байланыш кызматтарынын иштешин жогорку деңгээлге жеткирди.

Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнү каптаган аймакта өлкөнүн калкынын 98% жашайт. Абоненттер MegaCom түйүнүн каптоо аймагы тууралуу маалыматты онлайн абалда 3G каптоо жана өкүлчүлүктөрүнүн интерактивдүү картасы аркылуу биле алат, ал жерден жакынкы базалык станциялардын сигналдарынын деңгээлин, 2G боюнча маалыматты жана жогорку ылдамдыктагы 3G-каптоосу, ошондой эле MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондорунун так дарегин үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилинде билүү болот.

MegaCom – мыкты/ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы