Перейти на новый сайт

MegaComдон «Тез жардам»

MegaComдон «Тез жардам»

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жана ыраазычылык иретинде Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам станциясынын 103 кызматынын диспетчерлери үчүн атайын жабдуу сатып алууга каражат бөлүп берди.

Аталган медициналык мекеменин жетекчилери билдиргендей, күн сайын диспетчерлер тарабынан 700гө чейинки чалуулар катталып, алардын ичинен 200гө чейинкисине 8 оператор телефон аркылуу кеп-кеңештерин беришет.

Диспетчерлердин жумушун жеңилдетүү максатында, MegaCom компаниясынын ИТ-дирекциясынын адистери тарабынан талдоо жүргүзүлүп жана 103кызматынын диспетчерлери сапаттуу кулакчындар менен камсыз болушту.

«Дарыгер – бул өз өмүрүн адамдарга кызмат кылууга арнап койгон киши. Ал өз мойнуна эң чоң жоопкерчиликти алат, б.а. ал адам өмүрү үчүн жооптуу.Ар бир кесип ардактуу жана түйшүктүү,бирок алардын ичинен эң зарыл, эң баалуу болгон бул дарыгерлик кесип.Сиздерге чың ден соолук каалайм!», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов. Диспетчерлер башкы директордун колунан компаниянын фирмалык азембелектерин алышты.

Мобилдик оператор тез жардам станциясы менен буга чейин да кызматташып келген. Өз кезегинде, Бишкек шаарынын тез жардам станциясы компания тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан иш-чараларда өз жардамын аябай келет. Маселен, иш-чара маалында , Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кесипкөй медициналык жардам көрсөтүшөт. Буга чейин компания тез жардам станциясына эң керектүү шаймандарды, кызматкерлер үчүн атайын кийим- кечелерди сатып алууга каражат бөлүп берген.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Пополни мой баланс в роуминге»

  • Услуга

    Киоск

  • Услуга

    Сервис «Голосовой портал MIX»

  • Услуга

    «4 языка»