Перейти на новый сайт

MegaCom: Ала-Бука айылында жана Майлуу-Суу шаарында Акциялар өткөрүлөт.

MegaCom: Ала-Бука айылында жана Майлуу-Суу шаарында Акциялар өткөрүлөт.

MegaCom Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы жана Ала-Бука айылындагы Сатуу жана тейлөө борборлоруна чакырат. Сервистик борборлордун ачылышына карата мини-шоу уюштурулуп, абоненттерге мобилдик оператордун креативдүү тобу тарабынан белектер жана эстен кеткис сезимдер тартууланмакчы. Сервистик борборлордун салтанаттуу ачылышы 29 -июлда Ала-Бука айылында, ал 30-июлда Майлуу-Суу шаарында болуп өтмөкчү.

Төмөндөгү даректер боюнча жайгашкан MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлору күн сайын, түшкү тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт:

  • Ала-Бука а.– Ленин көч., ( “Азия банкынын” жанында), саат 8.00 дөн 18.00гө чейин;
  • Майлуу-Суу ш.– Ленин көч., 83, 85, саат 9.00 дөн 19.00гө чейин.

MegaCom сервистик борборлорунда мобилдик байланыш кызматтарына байланыштуу бардык суроолорго жооп алууга, сунуштар жана акциялар тууралуу билүүгө, SIM-картаны каттоодон өткөрүүгө, тарифтик планды тандоого же жаңы кызматтарды кошууга, жана да USB-модемдерди, мобилдик түзмөктөрдү, SIM-карталарды жана алдын ала төлөм карталарын сатып алууга болот.

Аталган борборлорго келген абоненттер үчүн «50 акысыз SMS» акциясы аракетте болот.

2015-жылдын 29-июлунан 8-августуна чейин Ала-Бука айылында жайгашкан MegaCom Сатуу жана тейлөө борборуна келип балансын 50 сомго жана андан ашык суммага толуктаган абоненттер түйүн ичиндеги 50 акысыз SMSти 10күнгө белекке алышат.

Ушундай эле акция 2015-жылдын 30-июлунан 9-августуна чейин Майлуу-Суу шаарында да өтмөкчү. Бонустун абалын текшерүү *505# номуру боюнча жеткиликтүү.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы