Перейти на новый сайт
«Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалы аяктады

«Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалы аяктады

Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух-Ордо» маданий борборунда эл аралык деңгээлдеги түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, канчалаган таланттар дал ушул жерден чыгармачылыгынын пайдубалын түптөшөт. Мындай иш-чаралардын катарына жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «Мейкин Азия» фестивалын кошууга болот. Сөзүбүзгө аралжы, MegaCom компаниясы бул жолу да маданият тармагы, жалпы эле мекенибиз үчүн зор мааниге ээ болгон фестивалды өткөрүүгө башкы демөөрчү болду.

Аптаптуу жай мезгилинин 22-25-июль күндөрү болуп өткөн ыр майрамына 20 өлкөнүн аткаруучулары катышты. Жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атоодон мурун, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов Кыргызстан таланттардын мекени экендигин белгилей кетти. «Керемет үндөрү менен дүйнөгө таанымал болгондордун катарына- Болот Миңжилкиев, Сайра Кийизбаева, Токтоналы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева сыяктуу улуу инсандарыбызды кошууга болот, атай берсек тизмебиздин аягы суюлбачудай. Өнөрлүү жаштардан да уучубуз куру эмес. Мукам үндүү жаштардын талантына татыктуу баа берип, алардын чыгармачылыгын коомчулукка тааныштырып, жалпы эле Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө салымыбызды кошуп жатканыбызга кубанычтамын», - деп жыйынтыктай кетти өз сөзүн Азат Базаркулов.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов башында турган эл аралык жюрилер тобу жеңүүчүлөрдү аныктады. «Мейкин Азия» эл аралык сынагынын Гран–при сыйлыгына жана беш миң долларга алыскы Бахрейн Падышачылыгынан келген Наталья Аль Ганем ээ болду. Биринчи орун үчүн ат салышкан эки талапкер молдовалык Лидия Исак жана армениялык Роза Карапетян ар бири эки миң доллардан алышты. Экинчи орунду мекендешибиз Адилет Азимов жана Болгариядан келген Николай Манолов ээлеп, алардын ар бирине бир жарым миң доллардан, Азербайжан жергесинен келген Яшар Юсубов, тажикистандык Шохрух Юнусов жана кыргызстандык Мукамбет уулу Аксай үчүнчү орунга татыктуу болуп, ар бирине миң доллардан тапшырылды. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан берилген беш жүз доллар өлчөмүндөгү атайын байгелер Татарстан өлкөсүнүн таланттуу ырчысы Айдар Сулеймановго жана мекенибиздин намысын коргогон Болотбек кызы Ак-Мөөргө ыйгарылды.

Фестивалдын меймандарынын, ата мекендик эстрада жылдыздарынын жана Румыниянын Deepside Dееjays тобунун катышуусунда өткөн жыйынтыктоочу шоу чогулгандарга өзгөчө таасир калтырды. Майрам айланага ажайып көрк берген фейерверк менен аяктады.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Раздай Wi-Fi

  • Услуга

    "Определитель номера"

  • Услуга

    Пакеты «Роуминг Онлайн»

  • Услуга

    «Переоформление номера»