Перейти на новый сайт

MegaCom – «Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү

MegaCom – «Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү

MegaCom компаниясы салтка айланган «Мейкин Азия» фестивалын өткөрүүгө дагы бир ирет башкы демөөрчү болду. ”Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи, уюлдук оператор бардык каалоочуларды бул уникалдуу иш-чаранын күбөсү болуп кетүүгө чакырат. Ыр майрам 2015-жылдын 22-июлунан 25-июлуна чейин Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөрүлөт.

Кыргыз берметинин жээгине Азиянын жана Европанын - Түркия, Орусия, Румыния, Болгария, Македония, Куба, Түштүк Корея, Кытай, Япония сыяктуу өлкөлөрүнүн белгилүү эстрада жылдыздарынан тарта ыр дүйнөсүнө жаңыдан баш бага башташкан жаш ырчылары да келмекчи. Өз мекенине гана эмес, көптөгөн мамлекеттерге да таанымал болгон эстрада жылдыздарыбыз

– Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов жана атайын чакырылган меймандарыбыз-атактуу румын тобу Deepside Deejays жана өткөн жылкы фестивалдын жеңүүчүсү казак боордошубуз Димаш Кудайберген өз өнөрлөрүн тартуулайт. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын башкы максаты – маданий көрөңгөбүздү сактап калуу, таланттуу ырчыларбызга колдоо көрсөтүү жана да Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү.
MegaCom иш-чаранын уюштуруучуларын, меймандарын жана катышуучуларын ишенимдүү мобилдик байланыш жана интернет менен камсыз кылмакчы. Мындан тышкары, фестивалдын жүрүшүндө компаниянын «Рух Ордо» борборунун аймагында иштей турган мобилдик топторунан SIM-карта сатып алып, каттоодон өткөрүп,бирдик жүктөп жана мобилдик байланышка тиешеси болгон бардык суроолор боюнча кеп-кеңеш алууга болот.

«Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалы мекенибиздин жана дүйнө жүзүнүн булуң-бурчтарынан келген музыка сүйүүчүлөр, меймандар жана жамы журтубуз үчүн эң маанилүү маданий окуя болмокчу.Көрүүчүлөрдү кызыктуу жана ажайып шоу-программа күтөт. Социалдык түйүндөрдөгү жаңылыктардан кабардар болуп, фестивалга билет утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы