Перейти на новый сайт
Ананьево айылында MegaCom Фирмалык салону ачылды

Ананьево айылында MegaCom Фирмалык салону ачылды

Ананьево айылында ачылган жаңы Фирмалык салон аталган айылдын тургундарына жана меймандарына өз каалгасын ачты. Баса белгилей кетсек, бул жерден абоненттерибиз – келишим түзүү, балансты комиссиясыз толуктоо, чалуулардын деталдоосун алуу сыяктуу кызматтардын негизги түрлөрүнөн пайдалана алышат. Мындан тышкары, компаниянын кесипкөй адистери жеке жана корпоративдик тейлөө боюнча суроолорго жооп беришет.

Фирмалык салондун ачылышына карата, 2015-жылдын 15-июлуна чейин, балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган MegaCom абоненттери автоматтык түрдө акциянын катышуучусу боло алышат жана аларга түйүн ичиндеги акысыз 50 SMS 10 күнгө берилет. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

Ананьево айылында жаңы ачылган Фирмалык салон төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: Совет көч., 58. Иш убактысы: саат 09:00 дөн 18:00гө чейин, дем алыш күн - жекшемби.

 

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы