Перейти на новый сайт

Каныбек  Жолчубеков: «Талыкпаган  эмгек  жана  өзүңө болгон ишеним!»

Каныбек  Жолчубеков: «Талыкпаган  эмгек  жана  өзүңө болгон ишеним

MegaCom компаниясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен болгон кызматташуу алкагында, жайкы Олимпиадалык оюндарынын талапкерлери болушкан   он эки спортчубуз  тууралуу маалымдап  келет. Учурда  спортчулар  олимпиадалык  лицензияларды алуу үчүн күчөтүлгөн шартта   даярдык  көрүшүүдө. Каныбек Жолчубеков – 2013-жылы грек рим күрөшү боюнча  Кыргызстандын  чемпиону  болуп, 2014-жылы Венгрияда студенттер арасында дүйнө чемпиону  наамын жеңип алган. Ошол убакыттан тарта Каныбек  чоңдор арасындагы таймаштарга ийгиликтүү катышып келет.

 

Чоң спортко салган  чыйырыңыз?
Спорт  менен11 жашымдан,тактап айтканда  3-классымдан  тарта  эле машыга баштагам. 2004-жылы  спорт  интернатына тапшырдым, тынымсыз машыга бердим. Талыкпаган эмгегимдин жыйынтыгы  жаман болгон жок. 2006-жылы Таиландда  жаштар арасында өткөрүлгөн  таймашта ийгилик жаратып, күмүш медалдын ээси болдум.  2008-жыл да мен үчүн жемиштүү жылдардан болду десем болчудай. 18ден 20 жашка чейинки курактагылардын  арасында  Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону болдум, 2009-жылы кайрадан дүйнө чемпионатындагы жаштар арасында оюнда чемпиондукка жеттим. 

Сиз кантип курамага келдиңиз?
2013-жылдан тарта  чоңдор арасындагы таймаштарга катышып өз  күчүмдү сынай баштадым.  Ал жактан коло медалды жеңип алып, курама команданын курамына кирдим.

Сизди спорт менен машыгууга ким үндөдү?
Атам го деп  ойлойм. Мен кичинекей кезимде атам мага  күрөшкөндү  үйрөтчү. Атам кичинекей кеп жасап берген, мен аны ары-бери ташып, уруп, сокчумун, ушинтип менин алгачкы машыгууларым башталган. Атамдын иниси Жолчубеков Тыныстан  Жетибекович  да дем берди десем болот.  Ал мени күрөш секциясына  алып келип, машыктыруучу менен сүйлөшүп берген.

Киндик кан тамган жериңиз?

Мен Талас облусуна караштуу  Бакай-Ата районунун  Миң- Булак айылында төрөлүп, өскөм.

Спортто эң башкы нерсе эмне?
Талыкпай аракеттенип, өзүңө ишенүү маанилүү экендигин дайыма айтып келем. Өзүм жумасына 6 жолу күнүнө эки жолудан  машыгам. Жекшемби күнү гана эс  алам. Азыркы учурда мен үчүн эң маанилүү – машыгуу, машыгуу жана дагы бир жолу машыгуу. Ошондо гана мен  2016-жылы өтүүчү Олимпиадага катышуу үчүн лицензияга ээ боло алам.

Жеңиштериңизди кимге арнайсыз?
Жеңиштеримди өзүмдүн үй-бүлөмө, эки балама жана өлкөмө арнайм

Маалымдама:
2014 – Инчхондогу (Түштүк Корея) Азия оюндарынын катышуучусу
2014 – алтын.Печ шаарындагы (Венгрия) студенттер арасындагы күрөш боюнча чемпионаты
2014 – коло.Астана ш. (Казакстан) Азия чемпионаты
2013 – коло.Азия Чемпионаты (Индия)
2013 – алтын.Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Чемпионаты
2012 – коло. Азия Чемпионаты (Түштүк Корея)
2012 – коло.Казакстандын III эл аралык президентин кубогу
2010 – күмүш.Гуанчжоудогу (Кытай) Азия оюндары
2010 – коло.Дели шаарындаги (Индия) Азия Чемпионаты
2009 – коло. Анкара шаарындагы (Түркия) күрөш боюнча студенттер арасындагы чемпионат
2008 – алтын.Стамбул шаарындагы (Түркия) күрөш боюнча студенттер арасындагы чемпионат
2008 –алтын. Катар шаарындагы (Доха) жаштар арасындагы чемпионат

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы