Перейти на новый сайт

MegaCom Unlim жана Device опцияларынын көлөмү жана ылдамдыгы эки эсе жогорулаган

MegaCom Unlim жана Device опцияларынын көлөмү жана ылдамдыгы эки эсе жогорулаган

MegaCom, 2015-жылдын 30-июнунан тарта, чексиз Unlim жана Device опцияларында интернет трафиктин көлөмүн жана пайдалануунун эң жогорку ылдамдыгын эки эсе жогорулаткан.

Планшеттер жана башка мобилдик түзмөктөр үчүн атайын иштелип чыккан Device интернет-тарифин кошуп, эки эсе жогорулаган эң жогорку ылдамдыктагы 151 мегабайт көлөмүндөгү күнүмдүк интернет-трафикке ээ болуңуз. Мындан тышкары, Unlim24, Unlim24+ опцияларында жана Devicе тарифинде суткадагы трафик-чегине жеткенден кийинки интернеттин ылдамдыгы дагы эки эсе жогорулаган. Эми ылдамдык секундасына 128 Кбит-ти түзөт.

Бул менен бирге «Чексиз Интернет 200» кызматы алкагында эң жогорку ылдамдыктагы трафиктин көлөмү 2 эсе – 200 мегабайтка чейин, ылдамдыгы болсо бекитилген чектен 3 эсе – секундасына 192 Кбит-ке чейин жогорулаган. Жана дагы MegaCom абоненттери «Чексиз Интернет» опциясын кошуп, эң жогорку ылдамдыктагы күнүмдүк интернет-трафигинен 65 пайызга көбүрөөк, 100 мегабайт көлөмүндө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, суткадагы трафик-чегине жеткенден кийинки интернет-туташуунун ылдамдыгы эки жогорулаган – секундасына 128 Кбит-ке чейин.

Өзүңө ыңгайлуу болгон чексиз опцияны www.megacom.kg сайтынан тандап алууга болот.

MegaCom – ишенимдүү жана ыкчам мобилдик интернет!

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы