Перейти на новый сайт
MegaCom туристтер үчүн пайдалуу «All Inclusive» тарифин ишке киргизди

MegaCom туристтер үчүн пайдалуу «All Inclusive» тарифин ишке киргизди

Кыргызстанга кош келиңиз! MegaCom оператору эс алуу жана саякат жасоо сезонунун босогосунда, дүйнөнүн булуң бурчунан келген туристтер, ишкерлер, меймандар жана саякатчылар үчүн атайын иштелип чыккан «All Inclusive» жаңы тарифтик планын ишке киргизди. Жаңы тарифте эс алуучулар үчүн ыңгайлуу «бардыгы кошулган» принциби б.а. пайдалуу жана керектүү опциялардын айкалышы пайдаланылган.

«All Inclusive» жаңы тарифтик планын камтыган SIM-картаны сатып алып, балансты 500 сом же андан көп суммага толуктап, тарифтин төмөндөгү артыкчылыктары менен пайдаланууга болот:

  • түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөр, SMS, интернет-трафиктин мегабайттар жана *444#чакыруу кыска буйруусунун жардамы менен 10 күнгө эл аралык багыттарга чалуу бонустарын активдештирүүгө болот;
  • КМШ, Түндүк Америка, Европа же Азия өлкөлөрүнүн кеңири тизмесинен бир эл аралык багытты тандоо (Орусия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрү *445*1#чакыруу, Европа - *445*2#чакыруу, Азия - *445*3#чакыруу, Түндүк Америка *445*4#чакыруу);
  • мобилдик интернеттен эркин пайдалануу үчүн ыңгайлуу интернет-топтомдорду кошуу;
  • Кыргызстан ичинде жана тандалган багыт боюнча акысыз чалууларды аткаруу!

Аталган тарифтик планды камтыган SIM-карта 450 күндүн ичинде активдүү болот, андыктан Кыргызстанга кайрадан келгенге чейин SIM-картаны сактап коюу сунушталат. Тарифтик план тууралуу толук маалыматты компаниянын www.megacom.kg сайтынан билүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы