Перейти на новый сайт

MegaCom: компаниянын 9 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

MegaCom: компаниянын 9 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

MegaCom уюлдук оператору компаниянын 9жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгын чыгарды. Эске сала кетсек, сынак оператордун туулган күнүнө -28-апрелге карата жарыяланган. Анын шарттарына ылайык, 2015-жылдын 28-апрелинен 29-майына чейин бардык каалоочулар MegaComдун корпоративдик обонун пайдалануу менен, анын мазмунуна шайкеш келген видеотасмаларын жөнөтүүсү талап кылынган эле. Айтмакчы, бул обонду www.megamusic.kg сайты аркылуу чакырыктардын ордуна коюп алууга болот.

Жеңүүчүнү тандоо оңойго турган жок. Мыктынын мыктысын аныктоо үчүн жюринин курамына кинорежиссер Данияр Абдыкеримов, медиа-эксперт Артем Супрун жана КТРКнын көркөм кеңешинин мүчөсү Каарманбек Кулуев кирип, мыкты роликти тандап алуу төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлдү: оригиналдуулук, графиканы колдонуунун бирдиктүү стили, видеонун үн коштоосу менен шайкеш келүүсү. Конкурстук жумуштар 10 баллдык шкала менен бааланды.

«Катышуучулар бардыгы азаматтар, оригиналдуу роликтерди жөнөтүп жатышты. Алардын катарына Бакай Үсөналиевди кошууга болот. Сюжеттин өзөгү өз ара мамилелерден куралган, жакшы тартылган. Раиса Шаршеновнын эмгеги да жылуу сезимдерди тартуулап, маалыматка бай. MegaCom компаниясынын кызматтары тууралуу бир көргөндө эле кеңири маалымат алууга болот», - деп белгилей кетти кинорежиссер Данияр Абдыкеримов.

«Материалдардын оригиналдуулугуна токтолсок, Нурсултан Абакировдун эмгеги да башкалардан айырмаланып турат. Бирок баарынан өзгөчөлөнгөнү Баястан Ысманалиевдин ролиги болду. Эргүү тартуулаган бул роликти көргөндө балалыктын дүйнөсүнө түшкөндөй болосуң. Аруу сезимдер максаттарыңа жетелейт, өзүңдүн эң мыкты экендигиңе ишенесиң», - деп кошумчалай кетти медиа-эксперт Артем Супрун.

Жыйынтыгында, баллдардын суммасы боюнча, башкы байгенин – iPhone телефонунун бактылуу ээси болуп Баястан Ысманалиев табылды. Конкурска катышкандардын бардыгы белексиз калышкан жок. MegaCom компаниясынын интернет-трафигинин топтомдоруна жана фирмалык азембелектерине ээ болушту. Катышуучулардын бири Бакай Үсөналиевге «Алтын» категориясынын номуру кошумча берилди. Конкурстун жыйынтыктары жана сыйлоо аземи боюнча фотобаяндама менен социалдык түйүндөр аркылуу тааныша аласыздар.

Facebook, Twitter, Instagram, Odnoklassniki социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларда MegaCom менен бирге болуңуз!
 

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы