Перейти на новый сайт

MegaComдун башкы директору мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ичинен мыктысы деп табылды

MegaComдун башкы директору мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ичинен мыктысы деп табылды

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңеши тарабынан даярдалган Кыргызстандын мамлекеттик компаниялары киргизилген «Мыкты жетекчилер» рейтингинде алдыңкы жетекчи катары таанылды. (ММФ)

Уюштуруучулар айтмакчы, рейтинг өткөн жылы өзү жетектеген мекемесин, тармагын, жалпы эле өлкө экономикасын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон ийгиликтүү менеджерлерди шыктандырууга багытталган. Жеңүүчүлөр мамлекеттин мыкты башкаруучу боло аларын өз мисалында көрсөтө алышты. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү белгилегендей, мындай рейтинг жыл сайын түзүлүп турат.

“Эмгек бар жерде, өнмөк бар” демекчи, белгилей кетсек, А.Базаркуловдун жетекчилиги астында, улутташтырылган мобилдик оператор телекоммуникациялык сектордун ири салык төлөөчүсү катары жогорку көрсөткүчтөргө жетише алды. Уюлдук оператордун каптоо аймагы 98 пайызга жетип, республиканын башка уюлдук операторлорунун көч башында. MegaCom бүгүнкү күндө – Кыргыз Республикасынын

  • ISO 9001:2008 версиясы боюнча сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктамасын өткөн;
  • сапат тармагындгы жетишкендиги үчүн КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык Сыйлыгынын дипломуна ээ болгон (2014);
  • БУУнун Эл аралык электрбайланыш союзунун мүчөсү болуп саналган биринчи жана бирден-бир байланыш оператору.

Компаниянын акциялар пакети 100 пайыз мамлекеттин карамагында, бул болсо ар бир сомдун эсебинен өлкө бюджетине киреше түшөт дегенди билдирет. Демек, MegaComду мобилдик оператор катары тандоо менен, мекендештерибиз сапаттуу жана заманбап мобилдик каражат аркылуу гана байланышпастан, мамлекетибиздин өнүгүшүнө жеке салымын кошо алышат.

Сөзүбүзгө аралжы, буга чейин жумасына 122 миң нуска менен чыгуучу «Супер Инфо» гезитинин версиясы боюнча MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов «2014 -жылдын мыкты менеджери » наамына татыктуу болгон.


 

Сунушталган кызматтар

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы