Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүү үчүн эң көп сумманы чогулткан

MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүү үчүн эң көп сумманы чогулткан

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата, MegaCom мобилдик операторунун абоненттери жогорку патриоттук сезим жана таазим кылуу үлгүсүн көрсөтүштү. 2015-жылдын 25-мартынан баштап 15-майына чейин созулган, Улуу Ата Мекендик согуштун (УАС) ардагерлерине жардам көрсөтүү акциясынын жүрүшүндө, MegaCom абоненттери 1945 кыска номуруна эң көп – элүү миңден ашуун SMS-билдирүү жөнөтүп, салыктарды кармап калуудан кийин жалпысынан 924 068 сом чогулган.

Акция Улуу Жеңишке эбегейсиз салымын кошкон, жандарын аябаган аталарыбыздын эрдигине таазим кылуу менен аларга өз урмат-сыйын билдирүү максатында өткөрүлгөн. Топтолгон каражат Даңк, “Кызыл жылдыз” Ордендеринин кавалерлери, Берлинди жана Кенигсбергди алуу, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге КРдин Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын тизмеси боюнча бөлүнүп берилет.

«Социалдык жактан жоопкерчиликтүү MegaCom мобилдик оператору, өз абоненттерине ыраазычылык билдирет жана кайрымдуулук акциясы алкагында топтолгон каражат толук көлөмдө УАС ардагерлерине тапшырыла тургандыгына кепилдик берет. Бул менен Ата Мекендик байланыш оператор түйүнгө кошулган ар бир абоненттин, ынтымактуу жана ишенимдүү ири команданын мүчөсү болуу тандоосу туура экендигин белгилемекчи. MegaCom ишенимдүү мобилдик оператор!», - деп өз сөзүндө белгиледи, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

MegaCom абоненттери тарабынан топтолгон каражатты алуучу ардагерлердин тизмесин оператордун сайтынан көрүүгө мүмкүн. Мындан тышкары, бул жерден өткөн жылдардагы SMS-марафондордун жыйынтыктары менен таанышууга болот. Акция алкагында топтолгон каражаттар УАС ардагерлери менен жолугушууда өз колдоруна тапшырылат. Тапшыруу аземдери компаниянын сайтындагы Акциялар бөлүгүндө, социалдык тармактарда жана алдыңкы маалымат агенттиктеринде сүрөт баяндама түрүндө жарыяланат.

Аталган акция MegaCom компаниясы тарабынан төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. 2012-жылы акция алгачкы жолу өткөрүлүп, анда 722 миң 263 сом, 2013-жылы болсо 509 539 сом чогулган. Ал эми 2014-жылы бир айдан ашык убакыттын ичинде, салыктарды кармап калуудан кийин жалпысынан 474 342 сом топтолгон.

2014-жылдагы SMS-марафондун жыйынтыгы
2013-жылдагы SMS-марафондун жыйынтыгы
2012-жылдагы SMS-марафондун жыйынтыгы

Мындан тышкары, жыл сайын республика боюнча шефтикке алынган 1000 УАС жана оорук ардагерлерине, MegaCom компаниясы тарабынан, 9-май Жеңиш күнүнө жана 1-октябрь Карылар күнүнө карата эки миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырылып турат. Ата Мекендик мобилдик оператор Улуу Жеңиш күнүн утурлай, атайын майрамдык иш-чара алкагында, өз каржы резервдеринен 4 миллион сомду бөлүп, карыялар үчүн «Жакын адамдарга чалуу» акысыз чалуу линиясын уюштуруп келет. Бул менен бирге, 2015-жылы мобилдик оператор УАС ардагерлери, Ленинград курчоосунун катышуучулары, концлагер туткундары жана оорук ардагерлери үчүн Кыргыз Улуттук консерваториясында атайын майрамдык концерт уюштурган. Майрамдык концерттин соңунда ар бир ардагерге эки миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырылган.

Эч ким жана эч нерсе унутулбайт!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Прозрачный счёт. Порог предупреждения»

  • Услуга

    «Спортивный портал»

  • Услуга

    «Регистрация SIM-карты»

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»