Перейти на новый сайт

Кыргызстандын Риодогу биринчи олимпиадалык лицензиясы: Юлия Андреева

Кыргызстандын Риодогу биринчи олимпиадалык лицензиясы: Юлия Андреева

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен түзүлгөн кызматташтык алкагында, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлө турган Олимпиадалык оюндарга катыша турган ата мекендик спортчулар менен тааныштырууну улантып келет. Мыкты спортчуларыбыздын тизмесинде жеңил атлетиканы багындырып келе жаткан Юлия Андреева (Архипова) да бар. Прага шаарында болуп өткөн квалификациялык эл аралык мелдеште, 2 саат 37 мүнөттүк көрсөткүч менен 9-орунду ээлеп, алгачкылардан болуп олимпиада оюндарына катышуу үчүн атайын лицензияны жеңип алды. Белгилей кетсек, спорт чебери үчүн 2016-жылкы эл аралык класстагы Оюндар спорттогу үчүнчү чоң кадамы болмокчу. Кыргызстандык жөө күлүк Пекиндеги (Кытай) жана Лондондогу (Улуу Британия) олимпиадалык оюндардын катышуучусу катары да коомчулукка таанымал.

Юлия, айтсаңыз спортко качан кадам таштадыңыз? 
1998-жылдан, б.а. 14 жашымдан тарта менен машыга баштадым. Менин оюмча, жеңил атлетикага каалаган куракта келүүгө болот. “Жөжөнү күздө сана” демекчи, жыйынтык машыктыруучудан жана тынымсыз машыгуулардан көзкаранды. Бирок көкүрөктү жарып чыккан каалоо болбосо, эч майнап чыкпайт. Ошондуктан ички даярдык абдан маанилүү. Ал эми тулку бойду талбаган эмгек аркылуу машыктырууга болот.

Спорт менен машыгууңузга ким түрткү берди?
Ал менен атам. Жаш кезинен тарта футбол менен машыкчу. Атамдын түрткүсү менен, спорт менен машыгып жана дайыма алдыңкылардан болууну самачумун. Ар таңда атам экөөбүз көнүгүүлөрдү жасап, чуркап машыгар элек. Сууда сүзуп, жаңыдан чуркай баштаган күндөрүм да эсимде.

Жакын арадагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз. 
Азыр мен Прага шаарында өткөн марафондон кийин калыбыма келүүм керек. Ала-Тоо бермети болгон Ысык-Көлгө барып эс алып келсемби деп турам. Андан соң гана Рио-де-Жанейродо болуучу Олимпиада оюндарына билек түрө киришмекчимин.

Жаңыдан спорт дүйнөсүнө баш багып жаткандарга кандай кеп-кеңешиңизди берет элеңиз? 
Эң башкысы ден соолукту сактоо керек. Азыр замандаштарымдын көпчүлүгү чылым чегишет, спирт ичимдектирин ичишет. Булардын ордуна спорт менен машыкса жакшы болот эле. Мен өзүм Ысык-Көлдө чоңойгом.Кайсы жерде чоңоюп өскөнүңдөн,шарттан көзкарандысыз эле мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Спортко жаңыдан кадам таштай баштагандар жеңишке умтулуп, талыкпай эмгектенүү менен гана жеңишти багындыра алышат. Ийгиликтерди каалайм. Жеңилүүгө дуушар болгон учурлар ар бир спортчунун башынан өтөт. Башты жерге салбастан алдыга карай, жеңишке карай баруу керек! Ошондо гана Сиздер эмгегиңиздердин үзүрүн көрөсүздөр!

Сиздин девизиңиз?
Башты жерге салбастан дайыма алдыга баруу! 


2016-жылкы Олимпиадада жеңишке жетишсеңиз ким үчүн арнайсыз? 
Өзүмдүн кичинекей кызыма. Ал мен үчүн оргуп турган күчтүн жана эргүүнүн булагы.

Маалымат: Юлия Андреева (Архипова) – Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери

2012-ж. - Лондондо өткөн Жайкы Олимпиадалык оюндардын катышуучусу (Улуу Британия)
2011-ж. – Лос-Анжелестеги марафондун катышуучусу (АКШ)
2010-ж. – Балтимор ш. марафондогу күмүш байгенин ээси(АКШ)
2009-ж. – Балтимор ш. марафондогу трасса рекордун койгон жана утуп алган (АКШ)
2009-ж. – Нэшвилл ш. марафондогу күмүш байгенин ээси(АКШ)
200-ж. – Пекин ш. марафон жарышы боюнча Олимпиадалык оюндардын катышуучусу (Кытай)
2006-ж. – Казакстандын чемпиону. 2007-жылдагы спартакиаданын жарым марафон боюнча чемпиону
2005-ж. – «Медео» жарым марафонун утуп алган. Кыргызстандын чемпиону
2005-ж. – Кыргызстандын ачык чемпионатында жарым марафонду утуп алган.
2004-ж. – Кыргызстандын кышкы чемпионатынын жана Казакстандын жайкы чемпионатынын чемпиону. 

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы