Перейти на новый сайт
Конкурс: MegaComдон iPhone утуп ал!

Конкурс: MegaComдон iPhone утуп ал!

«Корпоративдик ырга мыкты видеоклип» конкурсунун шарттарына ылайык, MegaCom компаниясынын абоненттери заманбап смартфондун ээси боло алышат. Бардык каалоочулар чыгармачылык дараметин көргөзүп, өз күчүн сынап көрүшсө болот. Конкурс 2015-жылдын 25-майына чейин уланат.

Эскерте кетсек, конкурска кеңири тараган расмий сайттардагы компаниянын расмий баракчаларынын жазылуучулары катыша алышат. Расмий баракчалар аркылуу MegaCom компаниясынын корпоративдик ырына оригиналдуу автордук видеоклиптер кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Даяр клипти өз баракчасына жарыялоо үчүн, колдонуучуну MegaCom - Альфа Телеком ЖАК белгилеп, #‎megamusickg белгисин коюу зарыл.

Өз эмгектерин компаниянын эң жигердүү абоненттери Нурсултан Шамканов, Баястан Ысманалиев жана Раиса Шаршенова жөнөтүштү. Жаш курагы 12 жаштан жогору болгон жана социалдык түйүндөрдө ачылган аккаунттары бар каалоочулар видеоклип жөнөтө алат. Конкурстун шарты боюнча видеоклипти даярдаган катышуучу Кыргызстандын аймагында болушу абзел. Курамы мобилдик оператордун өкүлдөрүнөн жана кесипкөй тележурналисттерден турган жюрилердин тобу аныктайт. Конкурстун жыйынтыгы 2015-жылдын 29-майында социалдык түйүндөрдөгү MegaCom компаниясынын расмий баракчаларында чыгарылат. Толугураак megacom.kg. сайтында.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы