Перейти на новый сайт
Майрамыңыздар менен!

Майрамыңыздар менен!

MegaCom Радио жана байланыш күнү менен куттуктайт!
MegaCom компаниясы байланыш тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт. Радио жана байланыш күнү Кыргызстанда 7-май күнү белгиленет. Байланышчынын кесибинин ары баалуу, ары татаал кесип экендигин дал ушул күнү дагы бир ирет айтпай коюуга болбостур.

“Ар бир кесип ардактуу” деген накыл кеп калетсиз. Бүгүнкү күндөгү заманбап технологиялар аркылуу баарлашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, аралыкка жана убакытка көзкаранды болбой турган байланыш көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлүүдө. Байланыш тармагында эмгектенген кызматкерлер өлкөбүздүн техникалык жана экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүүсүн гана камсыз кылбастан, сүйүктүүлөрдүн үнүн эшитип, жакындар менен унутулгус көз ирмемдер, жагымдуу жаңылыктар менен бөлүшүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп келишет.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Дайыма байланышта,
MegaCom командасы

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon