Перейти на новый сайт
MegaCom кардарларга маалымдоо кызматы тууралуу

MegaCom кардарларга маалымдоо кызматы тууралуу

Бир катар маалымат агенттиктеринин маалыматтарына ылайык, ырчы Бек Борбиев социалдык түйүндөрдөгү өз баракчасына MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо кызматынын өзбек тилиндеги тейлөөсүн алып салуу зарыл экендиги тууралуу билдирүүсүн жарыялаган. Болбосо, компания кеңсесинин алдында жыйын өткөрүлө тургандыгы айтылат. Социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринде жайылтылып жаткан маалымат боюнча MegaCom компаниясы төмөндөгүнү билдирет:

MegaCom компаниясы өз абоненттерин жогорку деңгээлде тейлөөгө умтулуп келет. Сөзүбүзгө аралжы, кардарларды колдоо кызматы департаментинде кардарларды тейлөө 5 тилде жүргүзүлөт. Кошумча тейлөө тилин киргизүү чечими кардарлардын мүдөөлөрүнө ылайык жана “Кардарлардын укуктарын коргоо” мыйзамынын талаптарына толук шайкештикте кабыл алынат.
100 пайызга мамлекеттик уюлдук оператор болуу менен MegaCom компаниясы өлкөбүздүн өнүгүшүнө туруктуу негизде колдоо көрсөтүү менен, улуттардын баалуулуктарын,тилин маданиятын өнүктүрүүгө да өз салымын кошуп келет.Компаниянын долбоорлору тууралуу маалымат менен бул жерден таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы