Перейти на новый сайт

MegaСom компаниясынын кызматкерлери «Карьера жарманкесинде»

MegaСom компаниясынын кызматкерлери «Карьера жарманкесинде»

MegaСom компаниясынын өкүлдөрү, 2015-жылдын 25-апрелинде Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка Университетинде болуп өткөн «Карьера жарманкесине» катышышкан. Иш чара ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнө, өлкөдөгү алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, иш берүүчүлөр жана жумуш шарттары тууралуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо максатында уюшулган.

Мобилдик оператордун Адам ресурстары менен башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жарманкенин катышуучуларына, компаниядагы кадрдык иштөө принциптери, жумушчуларды тандоо жана үйрөтүү программалары тууралуу презентация өткөрүштү. Соңунда, ишке орношуу, тажрыйба алуу же такшалма программасын өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү суроолордун көптүгүнө караганда презентация студенттерди өзгөчө кызыктырган. Жарманкенин бардык катышуучуларына маалымат жана кеңештер берилген. Мындан тышкары, бардык каалагандар иш берүүчүнүн атайын даярдалган резюме бланкын ордунан толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш чаранын уюштуруучулары «Карьера жарманкесине» активдүү катышкандыгы, жогорку кесипкөйлүгү жана жигердүү кызматташуусу үчүн компаниянын кызматкерлерине кат түрүндө ыраазычылык билдиришкен.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы