Перейти на новый сайт
Улуттук күрөш «Кулатуу Эртаймаш ММА» бүткүл дүйнөлүк федерациясы ыраазычылык билдирди

Улуттук күрөш «Кулатуу Эртаймаш ММА» бүткүл дүйнөлүк федерациясы ыраазычылык билдирди

Улуттук күрөш «Кулатуу Эртаймаш ММА» бүткүл дүйнөлүк федерациясы, Кыргызстандагы спорттун ушул түрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кыргыз спортчуларга көрсөткөн колдоосу жана 2015-жылдын 14-15-марттарында Бишкек шаарында WEF-2 Night KO’s, WEF Selection-2 таймаштарын жана чемпионаттарын өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн MegaCom компаниясынын атына ыраазычылык кат жолдогон.

Кулатуу күрөшү боюнча «Кулатуу Эртаймаш ММА» эл аралык таймашына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия жана Орусия өлкөлөрүнүн мыкты мушкерлери катышкан. Биздин өлкөбүздүн намысын атактуу мушкерлер, анын ичинде алгачкы WEF таймашынын жеңичүүсү Актилек Жумабек уулу жана Бакыт Бекбоев, Мирлан Асеков коргогон.

Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын башкы өнөктөшү, MegaCom компаниясы, өлкө ичинде өткөрүлүүчү ири спорттук иш чараларга дайым колдоо көрсөтүү менен Кыргызстандагы спорттун өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Меценаттын колдоосу менен түрдүү турнирлер өткөрүлүп турат, ал эми кыргызстандык таланттуу спортчулар чемпионаттарга, лицензияланган жана тандап алуу оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болууда.

MegaCom спорт, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы