Перейти на новый сайт
MegaCom өз номурду каттоонун 10 себебин атады

MegaCom өз номурду каттоонун 10 себебин атады

MegaCom компаниясы, жакынкы убакытта абоненттеринин бардыгы өз SIM-карталарын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүсү зарыл экендигин эскертет. 2015-жылдын 8-мартына чейин каттоодон өткөрүлбөгөн номурлар, “Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери жөнүндөгү” КР Өкмөтүнүн токтомуна жана байланыш операторлордун лицензиялык милдеттенмелерине ылайык байланыш кызматтарынан өчүрүлөт.

Номурду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү тартиби, түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз мүнөттөр, SMS жана интернет-трафик түрүндөгү жагымдуу бонустарды алуудан тышкары, кошумча бир катар артыкчылыктарга ээ болууну шарттайт:

  • Чалуулардын деталдоосун алуу мүмкүнчүлүгү
  • Мобилдик алдамчылыктан сактануу
  • Абоненттин байланыш кызматынан колдонуп келген жылдарынын, бонустарынын, кошулган кызматтарынын сакталып калышы – «Тыным» кызматы
  • Номурду сактап калуу үчүн же SIM-карта жоголуп кеткен учурда бөгөттөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү
  • «Экинчи дем» кызматы боюнча максималдуу суммадагы насыя алуу мүмкүнчүлүгү
  • Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
  • Номурду ыкчам калыбына келтирүү
  • Идентификациядан өткөндөн кийин PIN, PUK –коддор тууралуу маалымат алуу
  • «Мобилдик которуу» кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү
  • Идентификациядан өтүүнүн жеңилдетилген жолу: аты-жөнүн жана жашырын сөздү айтуу гана жетиштүү

Номурду каттоону компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборунан же Фирмалык салондорунан акысыз өтүүгө болот. Уюлдук оператор менен келишим түзүү үчүн паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, аскер билетин же бааргер күбөлүгүн өзү менен кошо ала келүү жетиштүү. Бонустарды тапшыруу акциясы 2015-жылдын 31-мартына чейин уланат.

SIM-картаңыздын катталгандыгын (оператор менен келишим түзүлгөндүгүн) тактагыңыз келсе *112# номурун териңиз.

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы